Дагы бир кыргызстандык мушкер UFC'ге чыгууга мүмкүнчүлүк алат
Кыргызстандан чыккан мушкер «UFC» президенти Дана Уайттын шоусунда мушташат.
«Dana White's Contender Series» шоусунун онунчу сезону 11-августта башталган. Шоунун алтынчы аптасында Акбар Абдуллаев (13-0) мушташат. Анын атаандашы АКШлык Этони Фигероа (9-1) болот.
Бул шоунун жыйынтыгы менен Дана Уайт кээ бир мушкерлерге «UFC» менен келишим түзүүнү сунуштайт.
Буга чейин ушул шоу аркылуу Антонина Шевченко жана Муртазали Магомедов келишим алышкан, ошондой эле Уран Сатыбалдиев да мушташышы керек болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


