Аскат Жетиген эркиндикке чыкты
Акын Аскат Жетиген уулу эркиндикке чыкты, ал 3 жылдык жазасын өтөп бүттү.
Акындын кармалганы тууралуу 2024-жылдын 18-мартында белгилүү болгон. Бул тууралуу ошол кезде УКМКнын басма сөз кызматы кабарлаган. Жетиген уулу алгач эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган, бирок кийинчерээк камакка алынган.
Свердлов райондук соту 2024-жылдын 1-июлунда Жетиген уулун Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (Массалык баш аламандыктарга чакырык) боюнча күнөөсүз деп тапкан, бирок 327-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) боюнча күнөөлүү деп тапкан.
Акын үч жылга эркинен ажыратылып, жалпы режимдеги колонияга камалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

