"Бишкек Аренанын" айланасы кандай болуп өзгөрдү?

«Бишкек Арена» стадионунун жанында аймакты көрктөндүрүү боюнча иштер активдүү уланууда. «АКИpress» 19-августта ал жерге барып, өлкөнүн башкы спорттук объектисинин айланасы кандай өзгөрүп жатканын көрдү.

Учурда жумушчулар аренанын эмблемасын жана «Bishkek Arena» деген жазууну орнотуп жатышат. 

Муну менен катар аймакты жашылдандыруу уланууда. Жайыл баатыр көчөсүнүн боюна гүл жана бак отургузулуп, чөп себилүүдө. 

Мындан тышкары, жолдорго асфальт төшөлдү. Ошондой эле чырактар орнотулду.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз