«Европадан сунуш түшүп, ойлонуу үчүн 2 саат убакыт беришкен»: «Алайдын» капитаны Келдибек Талантбек уулунун баяны

«Алай» клубунун жарым коргоочусу Келдибек Талантбек уулу учурда 27 жашта. 12 жашынан футбол менен машыккан каарманыбыз көптөгөн жолдорду басып өтүп, бүгүн дасыккан футболчуга айланды. Бул макалада «Алайдын» капитаны боюнча азын-оолак кеп кылабыз.

«Мен 1999-жылы 24-сентябрда Ош шаарында туулгам. Калаабыздагы Алишер Навои атындагы мектепти аяктагам», - деди ал.

Алгач Ош шаарынын клубунун өспүрүмдөр машыккан тобуна кошулуп, жигердүү машыга баштайт. Арадан бир нече жыл өткөндөн киийн «Алайдын» 16-17 жашка чейинки курамасына кошулуп, ойноону улантат. 

«Алай» клубуна 5-класстан машыгууга бара баштагам. Мурда Немат Казакбаевич деген машыктыруучу машыктырат болчу. Адашпасам, «Алайдын» анда академиясы жок болчу. Болгону машыктыруучулар балдарды тандап алып, машыктырат эле», - деди ал.

Келечекте көптү үмүттөндүргөн жаш талант ошол учурда эле машыктыруучулардын көзүнө илинип, кийинчерээк «Алайдын» экинчи курамына өтөт. Экинчи курамадагы көзгө толумдуу оюндары, жарым коргонууда акылдуу пастары жана динамикалуу оюндардагы оор басырыктуу оюну көпчүлүктүн купулуна толгону үчүн «Алайдын» негизги курамына өткөн. 

«Ошол кезде мен жаш балдар менен машыгып жүрүп, биз тандалып жаткан кезде «Алайдын» «экинчи курамы ачылыш керек, ачылат» дешип, акырында ачылган. Биз ошо кезде 16-17 жаштагы балдар элек. Андагы балдарды тандап алып, экинчи курамга өткөрүшкөн. Адашпасам, 2016-2017-жылдар болчу. Экинчи курамда 3 жыл ойноп, төртүнчү жылы аскердик кызмат өтөп анан кайра келип, негизги курамда ойноп калдым», - деди каарманыбыз. 

Ошентип, Талантбек уулу бүгүн «Алайдын» негизи оюнчуларынын бири болуп саналат. Анын экинчи кабатта  мыкты ойноп, башы менен да гол киргизген учурлары арбын. Жалпылап алганда, таяныч жарым коргоочусу оюндун багытына, динамикасына жооп берген оюнчу болуп эсептелет. Дал ушул жооптуу ишти аткаруу үчүн Келдибек Талантбек уулунда тажрыйба жетиштүү. 

«Мен «Алай» менен эки титулга ээ болдум десем жаңылыштык болбос. 2020-жылы, коронавиурс пандемиясы учурунда Кыргызстандын кубогун утканбыз. Финалда «Абдыш-Атаны» жеңгенбиз. Анан калса 3 жылдан кийин кайра эле «Абдыш-Ата» менен Супер кобок үчүн ойноп, Оштогу финалды аларды 1:0 эсебинде утуп, Супер кубоктун ээси болгонбуз», - деди ал. 

Футболчунун өзүнүн айтымында, ага бир жолу Болгариянын клубунан сунуш түшүп, бирок ойлонууга аз убакыт берилгендиктен, аталган клубга барбай калган. Талантбек уулу бир сезон «Нур-Баткен» клубунда ойногону эле болбосо, калган сезондордо «Алайдын» гана намысын коргоп келет. Быйылкы сезондо ал бир нече гол киргизүүгө жетишти.

«Быйыл Кыргызстандын ичиндеги клубдардан сунуш болду. 2 жыл мурун Болгариянын бир клубу бир агент аркылуу мага байланышышкан. «2 саатын ичинде жообун айт» дешкенинен, ал убакты чечим кабыл алуу кыйын болгон жана мен мындай кыска убакытта чечим кабыл ала албастыгымды айткам. Биринчиден, алар мага сунуштаган келишим мени канааттандырган эмес, анан калса ошол кезде «Алай» менен келишимимди жаңыдан эле жаңылап жаткан учурум эле, ошого да кармалып калгам.

Баткендин «Нур-Баткен» деген клубу түзүлүп, бир жыл ошол клубда ойногонмун. Кийин ал клубдан кайра «Алайга» кайтып, ушул клубда бир нече жылдан бери ойноп келе жатам», - деди ал.

Футболчу 2018-жылы футболду бир жылга таштап, аскердик милдетин аркалап келген. Ал бир жыл бою Улуттук гвардияда кызмат кылып, 2019-жылы армиядан келгенден кийин, кайрадан карьерасын уланткан. 

«2019-жылы аскердик милдетимди аркалоо үчүн армияга кызмат өтөө үчүн кеттим. Мен Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Улуттук гвардиянын аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөм. Бир жылдык кызмат мөөнөтүм бүткөндөн кийин кайра футболго кайттым», - деди ал.

Азыркы күндө каарманыбыз үй-бүлөлүү. Бир кыздын атасы. Өзү 3 бир туугандын ортомчусу болуп саналат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз