Путиндин басма сөз катчысы Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын билдирүүсү боюнча комментарий берди
Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Армения Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчөлүк Ереванга мындан ары кереги жок деп эсептесе, уюмдан чыгып кетиши мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу «Коммерсантъ» басылмасы жазды.
«Эгер Ереван өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына байланыштуу аймактык коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү болгон бул уюмга мүчөлүккө мындан ары муктаж эмес болсо, анда тиешелүү чечим кабыл алып, уюмдан чыгып кетүүгө укуктуу», — деди Песков.
Ошол эле учурда Кремлдин өкүлү Армениянын бийлиги буга чейин ЖККУга мүчөлүгүн токтотуп койгонун билдиргени менен, азырынча уюмдан чыгууну пландабай турганын белгиледи.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ЖККУ Арменияны өз курамынан чыгарып салса, буга ыраазы болорун билдирди. Анын айтымында, бул Арменияны уюмдан чыгуу же чыкпоо боюнча дилеммадан арылтмак.
Пашинян ошондой эле кандай болгон күндө да Армения жакынкы беш жыл ичинде ЖККУга кайра кошулууну пландабай турганын айтты.
Армения ЖККУдагы мүчөлүгүн 2024-жылдын февралында «тоңдурган». Никол Пашинян буга чейин «зарылчылык жаралса», уюмдан чыгышы мүмкүн экенин билдирген.
Ал эми 2026-жылдын июнь айында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ЖККУ Арменияга карата уюмдун уставындагы «тиешелүү беренени» колдонуу маселесин карай турганын айткан.
Уюмдун уставына ылайык, мамлекет ЖККУдагы добуш берүү укугунан ажыратылышы же уюмдан чыгарылышы мүмкүн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

