VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көк бөрүнүн финалдык оюнунун билеттеринин баасы айтылды
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарынын уюштуруу комитети 1–6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өтө турган иш-чараларга билеттердин баасын бекитти.
Чолпон-Ата шаарындагы ат майданынын жанында жайгашкан жаңы «Көк бөрү» аренасында көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештердин финалдык оюндарын көрүү үчүн билеттин баасы 1000 сом болот.
Ал эми көк бөрү жана көкпар боюнча мелдештердин тандоо баскычындагы оюндарга кирүү акысыз.
Билеттерди NEBS.GOV.KG Улуттук электрондук билет системасы аркылуу онлайн же расмий кассалардан сатып алууга болот.
Кырчын жайлоосунда өтө турган маданий жана спорттук иш-чараларга, ошондой эле Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизациясынын борборуна кирүү акысыз болот.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 1–6-сентябрь күндөрү өтөт. Оюндун расмий ачылыш аземи 31-августта жаңы «Бишкек Арена» стадионунда өтүп, калган иш-чаралар Ысык-Көл районунда уюштурулат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

