Окумуштуулар Кыргызстанда кара чыйырчыктардын санын кыскартууну сунуштоодо

2026-жылдын 28-29-июль күндөрү ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун окумуштуулары (Низамиев А.Г., Самиев К.Т., Ибраев С.А., Султанов Ж.М.) “Кара-Шоро” мамлекеттик жаратылыш паркында илимий изилдөө максатында болуп келдик. Максат - парктын азыркы абалы менен таанышуу, флора жана фаунасына байкоо жүргүзүү, туристтердин келип-кетүү агымына мониторинг кылуу, жеринде агрардык жана туристтик таасирлердин деңгээлине баа берүү болду.Аталган парк орографиялык абалы, ландшафты, биоартүрдүүлүгү, айрыкча дарылык касиети бар минерадык суулары менен белгилүү. Көп жылдардан бери биздин университеттин тиешелүү адистиктери (биология, география, фармацевтика ж.б.) үчүн эң ыңгайлуу окуу-илимий базасы болуп келет. 

Парктын территориясында жаратылыш өзүнүн табигый көрүнүшүн жана өзүн-өзү калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн жакшы сактап келет. Туристтердин санынын салыштырмалуу аз болушу парктын топурак жана өсүмдүк каптоосуна таасири али аз. Бадал жана дарак өсүмдүктөрдүн жаш өсүндүлөрү кеңири таркалган.

Паркка жанаша территорияларда совет доорунан бери мал чарбасы жайылтылгандыгына байланыштуу 2500-2700 м бийиктиктерде да антропогендик ишмердүүлүктүн таасиринен пайда болгон отоо чөптөр (коко тикен, көз тикен, шоро ж.б.) кеңири таркалган. Алар көп жерлерде жергиликтүү флорага караганда үстөмдүк кылат. Мындай отоо чөптөрдүн кеңири жайылышы парктын флорасы үчүн да коркунуч алып келиши мүмкүн.

Туризмди өнүктүрүү саясатына ылайык парктын территориясында суу бойлоп рекреациялык объектилердин (боз үйлөр, чатырлар, жыгач үйлөр, көмөкчү курулуштар ж.б.) саны жылдан жылга өсүп жатат. Аларга жанаша кооздук үчүн негизинен интродукциялык дарактар (көгүлтүр карагай, туя ж.б.) басымдуу түрдө отургузулуп жаткандыгы байкалат. Биздин оюбузча, өзгөчө коргоого алынган аймактарда интродукциялык түрлөрдү жайылтууга тыюу салышыбыз зарыл. Себеби, андай жерлерде табигый түзүлүш жана көрүнүш сакталыш керек жана туристтерди тартуунун бирден-бир критерийи ушул деп эсептейбиз. Быйылкы жылы Ош шаарындагы Токтогул паркына тыйын чычкандардын кое берилиши эстетикалык кооздук үчүн болуп, болжолдуу экологиялык кедергиси эске алынбады.

Азыркы күндө “Кара-Шоро” паркына кеткен жолго асфальт басуу үчүн кеңейтүү иштери кызуу жүрүп жатат. Паркка чейин бир канча көмүр казуу ишканалары бар жана ири техникалардын каттоосу кызуу. Демек, алдыда өндүрүштүн жайылышына жана туристтердин санынын өсүүсүнө байланыштуу экологиялык-экономикалык багытта тиешелүү иш-чаралар талап кылынат.

Акыркы жылдары экология багытындагы окумуштуу катары түштүктөгү өзгөчө коргоого алынган территорияларды, анын ичинде бул сапар “Кара-Шоро” мамлекеттик жаратылыш паркын кыдырууда мындай аймактарда селитебдүү жаныбарлардын, алардын ичинде биогеоценозго чоң зыян алып келүүчү канаттуулардын кескин көбөйүп жаткандыгын байкап жатабыз. Бул экологиялык тынчсызданууга алып келе турган фактор. Буга мисал катары афган чыйырчыгын айтууга болот. Анын популяциясы азыркы күндө өлкө территориясы боюнча басымдуулук кылуучу түргө айланды. Мисалы, “Кара-Шоро” паркынан тартып, Мырза-Аке айылына келгиче анын үйүр-үйүрүн кездештирдик. Башка канаттуулар жоктой. Бул көрүнүш бардык жерде ушундай абалда.

Афган чыйырчыгы (аты да көп: индия чыйырчыгы, майна, ала канат чыйырчык ж.б.) Кыргызстан үчүн интродукциялык түр болуп эсептелет. Ал өткөн кылымдын 60-жылдары уй чарбасынын зыянкечтерин (негизинен тери алдына личинка таштоочу көгөндөрдү) жок кылуу үчүн алынып келинген. Азыркы күрдө мындай зыянкечтерге каршы малдарга эффективдүү эмдөө жүргүзүлгөндүктөн чыйырчыктар “бош” калып, башка азыктануу чөйрөсүнө өтүштү. 

Майналар көп аймактарда табигый балансты бузуучу факторго айланып, азыр экологиялык да, чарбалык да зыяны алып келип жатат. Алар “коңшулукту” жактырышпайт, башка майда канаттуулардын уясын бузушуп, жумуртка, балапандарын жеп салышат. Башка түрлөрдү өз жеринен кууп, сүрүп чыгарышат. Үйүр-үйүр болуп, чоңураак канаттууларды да кууп чыгышы мүмкүн. Үй таранчысы, үпүп, булбул ж.б. канаттуулардын санынын азайышы ушундан деп эсептейбиз. Ошондой эле бир кезде курт-чегиртке сүйүүчүлөр азыр дан өсүмдүктөрүн же бакча жемиштерин жегенге өтүштү. Айрыкча жүзүм, гилас, алча, анжир ж.б. бакчаларга кол салып, дыйкандарга олуттуу зыян келтиришет. Учуп жүрүүчү “келемиш” катары үй чарбасына да зыяны чоң, алардан тамак-ашты бекитүү кыйын. Балапандарына кам көргөндө майналар өзгөчө агрессивдүү болуп, көп учурда уясынын жанынан өтүп бара жаткан адамдарга кол салып, сокку урууга аракет кылышат.

Мына ошондуктан майнанын санынын кескин өскөнүнө, анын жүрүм-турумунун өзгөргөнүнө жана башка жан-жаныбарларга болгон агрессивдүү же “ичи тардык” аракеттерине байланыштуу анын санын жөнгө салуу учуру келди деп эсептейбиз. Ага каршы күрөштү бардык аймактарда тегиз жүргүзүү абзел. Мындай иш-аракет Борбордук Азиянын масштабында да эл аралык мааниге ээ (2003-жылы Өзбекстандын өкмөтү атайын токтом менен санын кыскартуу иштерин жүргүзгөн) жана биргеликте жүргүзүү зарылдыгы бар. Буга Кыргыз Республикасындагы жаратылышты коргоо боюнча тиешелүү органдар, жергиликтүү бийликтер жана илимий мекемелер көңүл бурушу – мезгилдин талабы. Мамлекеттик деңгээлдеги атайын чечимдин негизинде ар бир башына тиешелүү сыйлык чегерүү менен иш алып барышыбыз керек. Болбосо жакын арада биздин тегеректе (жергиликтүү биогеоценоздо) бир эле канаттуу болуп майна калышы толук ыктымал. 

ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору, г.и.д., профессор Низамиев А.Г.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз