ОшМУ жана “Кулун-Ата” коругу: илимий байланыш аркылуу жаратылышты коргоо
2026-жылдын 19-21-июль күндөрү Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун география жана биология багытынын окумуштуулары - г.и.д., профессор Низамиев А.Г., г.и.к., доцент Самиев К.Т., б.и.к., доценттер Абдыкааров А.М., Каримов Б.А., Стамалиев К.Ы., ОшТУнун профессору, а.ч.и.д. Шамшиев Б. “Кулун-Ата” мамлекеттик коругунуна кезектеги илимий экспедиция жасап келишти. Илимий иш-чарага корук тараптан директордун орун басары, илимий бөлүмдүн башчысы Бекмурзаев Т.Т., ага илимий кызматкер Абдисатаров К., жаратылышты коргоо бөлүмүнүн башчысы Калмуратов А.К., ага егер Төлөнбаев Ж.Т., егерлер Кадиев К.Т., Касымов А.Б., Жамбыл уулу К., Абдыкадыр уулу Ч. катышып, ар тараптуу көмөк көрсөтүштү.
Максат «Кулун-Ата» мамлекеттик коругунун бийик тоолуу экосистемасынын учурдагы экологиялык абалына комплекстүү байкоо жүргүзүү, азыркы климаттын өзгөрүү шарттарынын коруктун ландшафтына тийгизген таасири, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнө мониторинг жүргүзүү, туризмди уюштуруунун оң жана терс жактарын аныктоо болду.
Изилдөө негизинен орто жана чоң көлдөрдүн айланасында болду жана төмөндөгүдөй жыйынтыктарга жетиштик.«Кулун-Ата» мамлекеттик коругунун миссиясы жана иш-аракети Кыргыз Республикасынын “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” жана “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүп жатат. Корукта жаратылышты коргоо жана табигый байлыктарды көбөйтүү иш-чаралары мыйзам талаптарын дыкат сактоо аркылуу ишке ашат.
Коруктун бардык территориясында өсүмдүк дүйнөсүнүн өзүн-өзү калыбына келтирүү жана жайылтуу мүмкүнчүлүктөрү эң жакшы абалы, башкача айтканда, табигый регенерациянын жогорку деңгээли аныкталды. Айрыкча бадал жана дарак (арча, кайың ж.б.) өсүмдүктөрдүн жаш өсүндүлөрү кеңири таркалган.
Акыркы мезгилдерде глобалдык жылыланууга байланыштуу атмосферанын температурасынын көтөрүлүүсү 2500-2900 м бийиктикте турган коруктун ландшафтына таасир берип, өсүмдүктөрдүн вегетациялык мезгили 5-10 күнгө кыскарганы байкалат. Бирок бул мезгилдүү (10-20 жылда кайталануучу) кубулуш болушу мүмкүн. Ошондуктан жылда туруктуу мониторинг жүргүзүү иш-чаралары талап кылынат.
Коруктун территориясында антропогендик ишмердүүлүктүн таасиринен пайда болгон отоо чөптөр кездешпейт.
Кээ бир арчаларга оору тийип куураган фактылар бар. Ошондуктан арча токойлорунун экологиялык-санитардык абалын баалоо жана оорулардын этиологиясын аныктоо боюнча фитопатологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл.
Орто-Кулун-Ата көлүнө осман балыгы жасалма жол менен жайылтылган. Балыктардын байырлашуу процесси жакшы өтүп, азыр сан жагынан тездик менен көбөйүп жаткандыгы байкалат. Бирок балыктардын 95-98%ын жалпак мите курттар (кең лентец) каптаган жана мурункуга караганда көлөмдөрү чоңойгон. Ошондуктан балыктардын суу-экологиялык шарттарына баалоо жүргүзүү жана оорулардын келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча зоопатологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү талапка ылайык.
Коруктун территориясында селитебдүү жаныбарлардын, алардын ичинде биогеоценозго зыян алып келүүчү канаттуулардын (майна, сагызган) болуусу жакшы көрүнүш эмес. Байкоолор боюнча, чоң көлдө (2930 м бийиктикте) сагызган уларлардын балапандарын жеп үйрөнгөн. Мындай канаттууларды атайын иштелип чыккан жобонун негизинде мезгил-мезгили менен жок кылуу иш-чараларын жүргүзүп туруу өтө зарыл.
Коруктун территориясында туризмди уюштуруу жаратылышты коргоо жагынан да, коопсуздукту камсыздоо жагынан да масштабдуу изилдөөлөрдү талап кылат. Коруктун туристтик борборлордон (чоң шаарлардан) жана автомагистралдардан алыс жатышы, деңиз деңгээлинен бийиктиги, орографиялык абалынын татаалдыгы, өзөктүк зоналарда табигый көлдөрдүн жайгашышы, бардык жерлерде таштуу участоктордун басымдуулук кылышы, таш кулоо жана сел жүрүү коркунучтары анын территориясында туризмди уюштурууну абдан чектейт жана чоң жоопкерчиликти ыйгарат. Башкача айтканда, корукта туристтик жолдорду (маршруттарды) салуу жана аларда туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу өтө кыйын маселе. Жөө жана ат туризмин уюштуруу атайын даярдыгы бар гана туристтерди тартууну талап кылат. Ошондуктан «Кулун-Ата» мамлекеттик коругунун территориясында ар кандай чарбалык иш-аракеттерге тыюу салуу, анын ичинде туризмге чектөө киргизүү менен бир гана илимий туризмге гана уруксат берүү талапка ылайык. Мында, биринчиден, алыскы тоо экосистемасын кол тийбес абалда ландшафттык эталон катары сактап калууга, экинчиден, экология, биология, география ж.б. багытындагы ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштууларды тартууга жана алардын пайдалуу изилдөөлөрүн бардык өзгөчө коргоого алынган аймактарда колдонууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Айтмакчы, 21-июлда Көңдүк айылын карай кайткан учурда өткөн түнү Терген-Таш капчыгайы тараптан чоң сел жүрүп (негизинен таш-кум аралаш, чоң таштар, жулунган кайыңдар үйүлүп агып келген), дарыяны бууп, коруктун Мазар участкасында көл пайда болгонуна күбө болдук. Капчыгайды өйдө карай өрлөп, корум таштарда тайып, өтмөк жол таппай (бардык жерде таштар, баткак кум, чукур, жар), баткакка аттар батып, аларга кошулуп адамдар белинен батып, сууга агып, араңдан зорго айылга жеттик. Бул жаратылыштагы ажайып кооздук, назиктиктин артында күтүлбөгөн коркунуч, опурталдуулук бар экенин дагы бир жолу далилдеди. Эс алуу жана туристтик жүрүштөрдү уюштурууда ушул мыйзам ченемдүүлүктү эске алышыбыз керек.
Автор: ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору, г.и.д., профессор Низамиев А.Г.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

