Варшавада күрөш боюнча мелдеш башталды. Кыргыз курамасынын биринчи күнүндөгү жыйынтыктары

Польшанын Варшава шаарында 26-августта спорттук күрөш боюнча эл аралык турнир старт алды.

Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча 6 комплект медаль ойнотулуп, Кыргызстан намысын 7 балбан коргоду.

87 килограммга чейинки салмакта Асан Жанышов 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды.

Ал эми 72 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Амантур Исмаилов коло медаль үчүн болгон беттеште жеңилип, мелдешти 5-орунда жыйынтыктады.

Кыргыз балбандарынын жыйынтыктары

72 кг чейин

1-айлампа:
Бенжи Пик (АКШ) – Амантур Исмаилов — 7:8

2-айлампа:
Гаспар Тертерян (Армения) – Амантур Исмаилов — 4:1

3-айлампа:
Димитар Георгиев (Болгария) – Амантур Исмаилов — 0:5

4-айлампа:
Петра Горняшки (Болгария) – Амантур Исмаилов — 6:15

Коло медаль үчүн беттеш:
Дмитро Васильев (Украина) – Амантур Исмаилов — Васильев атаандашын туше ыкмасы менен жеңди.

77 кг чейин

1-айлампа:
Паулиус Галкинас (Литва) – Ырыскелди Максатбек уулу — 3:7

2-айлампа:
Ырыскелди Максатбек уулу – Стоян Кубатов (Болгария) — 1:1, Максатбек уулу жеңишке жетти.

3-айлампа:
Олег Халилов (Украина) – Ырыскелди Максатбек уулу — 10:1

4-айлампа:
Ули Ханнуксела (Финляндия) – Ырыскелди Максатбек уулу — 0:8

6-айлампа:
Ырыскелди Максатбек уулу – Роберт Фритц (Венгрия) — 2:6

87 кг чейин

1-айлампа:
Асан Жанышов – Азат Салидинов — 4:0

2-айлампа:
Асан Жанышов – Тамаш Леваи (Венгрия) — 5:2

Азат Салидинов – Александр Степанетич (Швеция) — 1:2

4-айлампа:
Ярослав Фильчаков (Украина) – Асан Жанышов — 1:4

Финал:
Асан Жанышов – Геворг Тадевосян (Армения) — 6:0

97 кг чейин

1-айлампа:
Хамза Сертканли (Швеция) – Үзүр Жүзүпбеков — 4:1

2-айлампа:
Харрисон Рурки (Австралия) – Үзүр Жүзүпбеков — 0:9

3-айлампа:
Үзүр Жүзүпбеков – Дариус Кефер (Германия) — 1:9

130 кг чейин

1-айлампа:
Мурат Ботоев – Ромас Фридрикас (Литва) — Фридрикас туше ыкмасы менен жеңди.

Ильхам Тохтаев – Наби Хейки (Эстония) — 0:3

2-айлампа:
Ильхам Тохтаев – Мурат Ботоев — 2:7

3-айлампа:
Матеуж Бенчак (Польша) – Мурат Ботоев — 1:4

4-айлампа:
Мурат Ботоев – Михайло Вышнивецкий (Украина) — 0:9

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз