"Кулун-Ата" коругунда сейрек кездечүү жаныбарлар фотокапканга түшүп калды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош аймактык башкармалыгы «Кулун-Ата» мамлекеттик жаратылыш коругунда биологиялык ар түрдүүлүккө мониторинг жүргүзүүдө, анын алкагында фотокапканга жаныбарлардын сейрек түрлөрү тартылды.

Экология министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, фотокапкандын объективине Тянь-Шань күрөң аюусу, илбирс, тоо теке жана башка жаныбарлар түшкөн.

Мекемеден белгилешкендей, алынган сүрөттөр коруктагы жаныбарлар дүйнөсүнүн туруктуу абалын жана аны коргоо тиешелүү деңгээлде камсыздалып жатканын далилдейт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз