Футбол: Кыргызстандын кубогунун финалчылары белгилүү болду
27-август күнү Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев стадионунда Кыргызстын Кубогунун жарым финалынын жооптук беттеши орун алды. Анда жергиликтүү “Алай” клубу менен Кочкор-Ата шаарынын “Нефтчи” клубу кез келип, пенальтилер сериясында “Нефтчи” жеңишке жетишти.
Оюндун 49-мүнөтүндө “Алай” клубунун чабуулчусу Мидин Керезбеков эсепти ачты. Бирок “Алай” клубу андан ары голду эки эселенте албады.
90+8 мүнөттө “Нефтчинин” кооптуу чабуулунан кийин Эрлан Маширапов өз дарбазасына гол киршизип алды.
Андан ары оюн драмага айланып, клубдар бири-биринин дарбазасына чабуул артынан чабуул кыла башташты. Деген менен башкы калыс оюн түгөгөнүн ишарат кылып, беттеш экстр-таймдарга өттү.
114-мүнөттө Дастан Токтосунов эсепти эки эселентип, “Нефтчини” кубантса, “Алайдын” коргоочучу Келли 120-мүнөттө пенальтиде гол киргизип, командасын эрте жеңилүүдөн сактап калды.
Оюн пенальтилер сериясына өтүп, анда кочкор-аталык клубдун футбоочулары так болду. Пенальтилер сериясынын эсеби - 5:4 “Нефтчинин” пайдасына.
Буга чейинки Кочкор-Ата шаарындагы оюнда командалар тең - 1:1 ойношкон.
Жарым финалдын башка оюнунда Манас шаарынын “Мурас Юнайтед” клубу “Ысык-Көлдүн” “Барс” клубун 8:2 эсебинде жеңди.
Эми Жалал-Абад облусунун эки клубу - “Мурас Юнайтед” менен “Нефтчи” Кыргызстандын Кубогунун финалында ойношот.
Кыргызстандын Кубогу Кыргызстандагы клубдар аралык ири мелдеш болуп эсептелет. Аны “Алай” клубу 2 жолу, “Нефтчи” клубу 2 жолу, “Мурас Юнайтед” клубу 2 жолу уткан.
Финалдык беттеш сентябрь айында орун алат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

