Казакстандын Көкпар федерациясы Айзада Жамгырчиевага автоунаа белек кылды

Казакстандыктар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын (ДКО) ачылыш жана жабылыш аземинин алып баруучусу Айзада Жамгырчиевага ДКОнун ачылышында Казакстанды жогорку деңгээлде тааныштырганы үчүн автоунаа белек кылышты.

Чолпон-Ата шаарындагы «Көк бөрү» аренасында көк бөрү жана көкпар боюнча сыйлыктарды тапшыруу учурунда Казакстандын Көкпар федерациясынын президенти алып баруучуну сыйлоо тууралуу жарыялады. Ал жакын арада  автоунаа жөнөтөрүн билдирди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз