Шакира Кыргызстанга келет

Колумбиялык ырчы Шакира «Бишкек Аренада» ырдайт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

«Шакира! “Bishkek Arena'да” көргүңүздөр келеби? Күтүп жатасыздарбы?», - деди ал жарыялаган видеосунда.

Так күнү жана башка маалыматтар айтылган жок.

«Бишкек Арена» стадиону 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган.

31-августта аренада Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтүп, анда америкалык ырчы Николь Шерзингер өнөрүн көрсөткөн.

Шакира — колумбиялык ырчы, бийчи жана продюсер. Ал «Whenever, Wherever», «Hips Don’t Lie» жана «Waka Waka» хиттери аркылуу дүйнөгө таанылган. Ырчы бир нече «Grammy» жана «Latin Grammy» сыйлыктарынын ээси.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз