Бишкекте кымыз ичкенин айткан жаран 2 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажырады
Бишкекте мас айдоочу аныкталганын ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.
Документтерди текшерүү учурунда кайгуулчулар айдоочу мас абалында экендигинен шектенишкен. Ал маселени чечип берүүнү суранып тааныштарына чала баштаганда наркологияга жеткирилип, медициналык кароодон өткөрүлгөн. Текшерүүдө ал мас абалда экени тастыкталган. Айдоочу кымыз ичкенин айткан.
Жыйынтыгында ал 2 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылып, 80 миң сом айып пулга жыгылды, ал эми унаасы айып короого киргизилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

