Кыргыз мушкери "Өзбек тайсонун" болгону 30 секундда утту
Кыргызстандык мушкер Ислам Эгембердиев (4-3) Өзбекстанда өткөн аралаш мушташ боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти.
OCTAGON 91 турнири 5-сентябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында өттү.
Эгембердиев мелдеште «Өзбек Тайсону» деген каймана аты бар Жасурбек Жураев (6-3) менен беттешти.
Жеңил салмактагы үч раундга белгиленген беттеш күтүлгөндөн да эрте аяктады. Кыргызстандык мушкерге атаандашын нокаутка учуратуу үчүн болгону 30 секунд жетиштүү болду.
Ошентип, Ислам Эгембердиев биринчи раунддун башында эле Жасурбек Жураевди нокаут менен жеңип, өзүнүн кезектеги жеңишин каттады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

