Ош мэриясы унаа базарын жеке ишкерге берди
Ош шаарындагы жаңыланган унаа базары 2 жыл 8 айлык мөөнөткө жеке ишкерге ижарага берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдирди, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Мэриянын билдирүүсүндө, реконструкция иштерин жүргүзгөн компанияга каражатты төлөө маселеси жаралгандыктан, унаа базарын убактылуу ижарага берүү чечими кабыл алынганы айтылат.
«2 жыл 8 айга ижарага берилди. Бир жылга 160 млн сом деп эсептеп, хронометраж жүргүзүп, көбөйтүп план койгонбуз. Бул шаардык кеңеш менен бекитилген план болчу. Алты айлык жыйынтыктын негизинде корректировка болгон сумманы 2 жыл 8 айга бөлүп бердик», - деп билдиришти мэриядан.
Ошондой эле жеке ишкер базардын ишмердүүлүгүн жүргүзүп, өзүнө кеткен чыгымдарын өндүрүп алгандан кийин унаа базары Ош шаардык мэриясынын Базарлар дирекциясына өткөрүлүп берилери маалымдалды.
«Унаа базар өзү жоюлду. Себеби Ош шаардык мэриясынын Базарлар дирекциясы бар. “Келечек”, “Берекет”, “Жибек жолу” жана башка базарлардын баарын ошол дирекция карайт. Автобазар дагы Базарлар дирекциясынын бөлүмү болуп өтөт. Подрядчы өзүнүн карыздарын өндүрүп алгандан кийин, автоунаа базары Базарлар дирекциясына өткөрүлүп берилет», - деп айтылат маалыматта.
2025-жылдын октябрь айында Ош мэриясы реконструкцияга чейин унаа базарынан жылына орточо 25 млн сомго жакын киреше түшүп келсе, реконструкциядан кийин үч айдын ичинде эле 35 млн сомго жакын киреше түшкөнүн билдирген. Буга чейин базардан жылына 160 млн сомго чейин жергиликтүү бюджетке киреше түшүрүү планы белгиленгени айтылган.
2025-жылы унаа базары өткөн жылы капиталдык реконструкциядан өткөрүлүп, анын инфраструктурасы толугу менен жаңыланган. Базардын ички аянтына асфальт төшөлүп, чатырлар орнотулуп, канализация, таза суу жана газ тартылган.
Базардын жалпы аянты 12 гектарды түзөт. Реконструкция иштерине 380 млн сом жумшалган. Ишти тендердин негизинде «Вега-Строй LTD» ЖЧКсы аткарган. Буюртмачы катары Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы чыккан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

