"Второй Ка" тобунун солисттери милицияща арыз жазышты

«Второй Ка» тобунун мүчөлөрү милицияга арыз менен кайрылышты. Бул маалыматты 9-сентябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «АКИpress» редакциясына тастыктаган.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрда милицияга Султан Ботобаевден арыз түшкөн. Ал топтун башка солисти Илья Семёновго карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, Семёнов уруксаты жок Ботобаевдин музыкалык чыгармасын интернетке жайгаштырып, автордук укукту бузган.

Бул факт боюнча сотко чейинки текшерүү башталып, анын алкагында музыкалык чыгарманы жаратуу жана колдонуу жагдайлары, автордук укук, аны колдонууга уруксаттын бар же жок экендиги, ошондой эле башка юридикалык маанидеги жагдайлар аныкталып жатат.

Мындан тышкары, Семёнов да Ботобаевдин үстүнөн арыз жазган.

Эки кайрылуу тең каттоого алынды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат.

«Второй Ка» тайпасы — бул КМШда популярдуу болгон Кыргызстандан чыккан дуэт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз