Ош: Рой Жонс катышкан беттешке дүйнөлүк абройлуу уюмдардын курлары коюлат

Рой Жонс Ош шаарына келип, бокс мелдештерине катышат. Бул тууралуу «Кыргыз боксу» профессионалдык лигасы» коомдук бирикмесинин жетекчиси Шайлообек Атазов Ош мэриясында өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 3-октябрында Ош шаарындагы Ахматбек Сүйүмбаев стадионунда бокс мелдеши өтөт. Анда WBA, WBC'тин курлары үчүн башкы беттештер орун алат. 

«Ош шаарынын күнүнө карата Ош шаарында чоң бокстук мелдештер өтөт. Ал 4 күнгө созулат. 29-сентябрь күндөн баштап Ош шаарына командалар келе башташат. Мелдешке түрк дүйнөсүнүн 6 өлкөсүнөн жана башка 6 өлкөдөн кесипкөй боксчулар келишет. Борбордук стадиондо бокс мелдеши өтөт», - деди ал. 

Атазов уюштуруу иштерине жергиликтүү бийлик жардам берип жатканына ыраазы экенин жана ТҮРКСОЙдун бокс боюнча мелдештерин өткөрүү Кыргызстанга келгенин белгиледи.

«Бул ТҮРКСОЙдун мелдеши кезеги менен өткөрүлөт. Буга чейин Казакстан, Өзбекстанда өткөн. Келечекте Азербайжанга, Түркмөнстанга өткөрүп беребиз. Өзгөчө белгилеп кете турган нерсе, бокс боюнча мелдештин ар бир салмак категориясына жогоруда суммадагы акча жана чемпиондук курлар коюлат », - деди ал.

Ал кошумчалагандай, кесипкөйлөр арасында өтүүчү мелдешке Кыргызстандан 3 мушкер катышат. Ошондой эле дүйнөлүк чемпионаттарда катышып жүргөн француз боксчусу өзбек мушкери менен мушташат. Андан сырткары, Түштүк Кореядан, Таиланддан, Угандадан, Россиядан боксчулар катышат

Атазов белгилегендей, Рой Жонс сыяктуу дүйнөлүк бокс жылдызынын келиши менен дүйнөнүн назары Кыргызстанга бурулуп, мелдештин аброюн дагы да артырып, өлкө аймагындагы жаштарды бокска болгон кызыгуусун артырат.

«Бул мелдештин сыйлуу коногу Рой Жонс болмокчу. Жонс кичүүсүнүн келиши менен Кыргызстандын аймагында бокска кызыккандар көбөйөт. Спортко кызыккандар көбөйөт. Рой Жонстун келиши менен Ош дүйнөгө таанылат», - деди ал. 

Мындан сырткары, мелдешке бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров, ЖКнын депутаттары, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, ЖКнын төрагасы Марлен Мамаиалиев катышары күтүлүүдө. 

Атазовдун маалыматына ылайык, мелдештин аброю чоң. Анткени, өспүрүмдөр арасында 7 салмактык категорияга WBC'тин Creater Turan титулунун курлары коюлат. Аны менен кошо WBA'дин Азия (WBA Asia) чемпиондугунун куру үчүн кыргызстандык Имамназаров менен казакстандык Жараспек мушташат. 

WBA – дүйнөдөгү 4 беделдүү бокс уюмдарынын бири болуп саналат. Ар бир салмактык категория боюнча дүйнөлүк чемпиондукту аныктайт.

WBC – бул уюм дүйнөлүк абройлуу бокс уюмдарынын бири. Бул уюмда өз учурунда Мухаммед Али, Майк Тайсон, Леннокс Льюис сыяктуу легендарлуу боксчулар мушташып, чемпион болушкан.

Рой Жонс - Жонстор үй-бүлөсүнүн кичүүсү. Ал WBA, WBC,  IBF'тин версиялары боюнча дүйнө чемпиону. Анын уникалдуулугу орто салмактан баштап оор салмакка чейин 4 башка салмакта чемпион болгонунда. Ал бокс тарыхында техинкалык жактан күчтүү жана универсалдуу мушкер болуп эсептелет.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз