Азия оюндарына бара турган кыргыз балбандарынын тизмеси белгилүү болду

Кыргызстандын күрөш федерациясы Жапониядагы Азия оюндарына катыша турган Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча командасынын акыркы курамын жарыялады.

Тизмеге 6 спортчу кирди.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдештерде 6 алтын медаль ойнотулат.

Быйылкы Азия оюндарынын күрөш боюнча турнири 30-сентябрда башталат.

Буга чейин UWW сайтында жарыяланган алдын ала болжолдуу тизмеде, 130 кг чейинки салмак категориясында Нурболот Токтогонов болчу.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын командасынын курамы

60 кг чейин - Жоламан Шаршенбеков

67 кг чейин - Раззак Бейшекеев

77 кг чейин - Акжол Махмудов

87 кг чейин - Асан Жанышов

97 кг чейин - Узур Жусупбеков

130 кг чейин - Мурат Ботоев

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз