"75чинин каты": Сот айыпталуучуларга 2 жылдык пробациялык көзөмөл белгиледи

10-сентябрда Бишкек шаардык соту «75 кишинин каты» боюнча ишке чекит койду.

Жактоочу Латыпбек Нуралимов билдиргендей, сот бийликти басып алуу беренесин Кылмыш-жаза кодексинин 195-беренесине (Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу) өзгөртүп, бардык соттолуучуларга 2 жылдык пробациялык көзөмөл белгиледи.

«Өкүм 326-беренени (Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу) жокко чыгарды.195-беренени колдонду. Сот мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү аракети тууралуу сөз болгонун эске алды окшойт», - деди жактоочу.

Ал айыпталуучуларга 4 жылга эркинен ажыратуу жазасы дайындалганын, бирок аларга карата пробация колдонулганын билдирди.

«Бул беренеде айып пул же эркинен ажыратуу каралган. 4 жылга эркинен ажыратуу жазасы дайындалып, бирок пробация колдонулду», - деп түшүндүрдү жактоочу.

Нуралимовдун айтымында, иш каралып жатканда жактоочулардын бир бөлүгү соттолуучуларды толугу менен актоону же кеминде айыпты башка беренеге өзгөртүүнү талап кылышкан.

Башка соттолуучулардын жактоочулары өкүмгө каршы Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылышарын билдиришти.

Бишкек шаардык соту саясатчылар менен коомдук ишмерлердин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган «75 кишинин катына» байланыштуу бийликти басып алуу иши боюнча апелляцияны карады.

Иш боюнча 8 киши өтүүдө: Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары жана УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, мурдагы вице-премьер-министр Аалы Карашев, саясатчылар Эмилбек Узакбаев менен Бекболот Талгарбеков, ошондой эле президенттин ЖКдагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаев.

2-июлда Биринчи май райондук соту аларды бийликти басып алуу иши боюнча күнөөлүү деп тапкан. 30-июлда Ташиев өкүмгө каршы апелляциялык арыз берип, 3-августта Башкы прокуратура апелляциялык сунуштама киргизген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз