Зеленскийдин учагына дрон коркунучу жаралган

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин учагы Молдовадан Ослого учар кезде дрон менен кагылыша жаздады. Бул тууралуу Норвегиянын премьер-министри Йонас Гар Стёре билдирди.

«Анын учагы Молдовадан учар алдында дрон менен кагылышууга аз калды. Бул — ал жашап жаткан реалдуулук», - деди Стёре. Анын сөзүн норвегиялык «NRK» телерадиоберүү компаниясы кабарлады.

Норвегиянын премьери окуя тууралуу кайдан билгенин жана президенттин учагына кайсы тараптын дрону коркунуч жаратканын ачыктаган жок.

«Кечээ Молдованын аба мейкиндигинде дрондор коркунучу жаралып, Зеленскийдин Ослого бара турчу учагын кечиктирген. Бул — ал күн сайын кабылып жаткан коркунучтардын бири. Дрондор анын учагына канчалык жакын болгону белгисиз», - деп тактады премьер-министрдин кеңсеси.

Украина тарап Стёренин билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.

Владимир Зеленский Молдовадан Ослого 8-сентябрь күнү кечинде король Харальд V'ти акыркы сапарга узатуу аземине катышуу үчүн барган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз