Ош: 10 миңден ашуун окуучу 1-класска барды

Быйыл Ош шаарында 10 миңден ашуун окуучу 1-класска барды. Бул тууралу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалматка караганда, кыргыз класстарга берилген квота 4330 болсо,  2790 бала 1-класска кабыл алынды.

"Орус класстарга берилген квота 7866 болсо, кабыл алынган балдардын саны-7613. 1-класска кабыл алынган балдардын саны дагы өзгөрөт", - деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 15-сентябрда өлкө аймагындагы мектеп жана жогорку окуу жайларда жаңы окуу жылы башталды.

Агартуу министрлиги өлкөдө VI Дүйнөлүк көчөмөндөр оюндарына, ШККУнун саммитине жана Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына байланыштуу жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталарын кабарлаган болчу. 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз