Президент кимдерге "Даңк" жана "Достук" ордендерин тапшырды? Тизме

Президент Садыр Жапаров 14-сентябрда «Ынтымак Ордодо» мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

«Достук» ордени менен Өзбекстандын маданият ишмери, жазуучу жана журналист Ахмажон Мелибоев сыйланды.

«Даңк» ордени менен төмөнкүлөр сыйланды:

  • Боронбаева Какиш Калыйакматовна — «Юкор Строй Групп» ЖЧКсынын курулуш бөлүмүнүн прорабы;
  • Жантаев Элчибек Нуржадыевич — Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
  • Исраилов Абдилашим — «Насыя союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесинин президенти;
  • Кадыралиев Кайыпбек — Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кардиолог-дарыгери;
  • Кантороев Кубанычбек Абылтаевич — Кыргызстандын жол тармагынын ардагери;
  • Курманбекова Гүлбүбү Токтосуновна — Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин табигый илимдер факультетинин деканынын милдетин аткаруучу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз