Кыргызстанда эки банк жоюлуу процессинде турат
2026-жылдын 2-сентябрына карата Кыргызстандагы жоюлуп жаткан банктардын тизмесине «АзияУниверсалБанк» ААК жана «Ак Банк» ААК кирет. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.
Эки банктын тең жоюучусу катары Депозиттерди коргоо агенттиги иш алып барат. Атайын администратордун өкүлү катары Букуев Кадырбек Жумабекович көрсөтүлгөн.
Лицензиялары кайтарылып алынган коммерциялык банктардын өзүнчө тизмесинде "Борбор Азия кызматташтык жана өнүктүрүү банкынын" Бишкек филиалы турат. Анын лицензиясы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2002-жылдын 15-июлундагы №268 токтому менен кайтарылып алынган. Убактылуу башкаруучу катары Абдраимов Эрлан Чоробекович көрсөтүлгөн.
Маселенин тарыхы:
«АзияУниверсалБанк» ("АУБ") Кыргызстанда 1997-жылдын 22-августунда «International Business Bank» («IBB») банкынын туунду компаниясы катары катталган.
2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин банкка убактылуу башкаруу киргизилген. Ошол эле жылдын 7-июнунда «АУБда» консервация режими киргизилип, аны улутташтыруу жөнүндө декрет кабыл алынган. 2010-жылдын 5-августунда Улуттук банк «АУБдан» банктык лицензиясын кайтарып алган. Банк төлөөгө жөндөмсүз деп таанылып, банкроттук жол-жобосу башталган.
Кийинчерээк «АУБ» активдеринин жана милдеттенмелеринин бир бөлүгүн жаңыдан түзүлгөн «Залкар Банк» ААКка өткөрүп берүү менен реструктуризацияланган.
«Ак Банк» ААК 1990-жылдардын башында Кыргызстандын алгачкы коммерциялык банктарынын бири катары катталган.
2005-жылдын 28-сентябрынан тартып «Ак Банкта» консервация режими киргизилген. Ошол эле жылдын 1-ноябрынан тартып Улуттук банк андан банк операцияларын, анын ичинде чет өлкө валютасында операцияларды жүргүзүү лицензияларын кайтарып алган.
2017-жылдын июнунда банк мыйзамдарынын өзгөрүшүнө байланыштуу консервация режими убактылуу администрация режимине өзгөртүлгөн.
2018-жылдын 22-февралында Бишкек шаарынын райондор аралык соту «Ак Банкты» төлөөгө жөндөмсүз деп таанып, аны аргасыз жоюу жол-жобосун баштаган. Сот чечиминин негизинде ошол эле жылдын 28-февралында Улуттук банк убактылуу администрация режимин токтоткон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

