Трамп Орусия мунай тармагын көзөмөлдөй албай калганын билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия заводдорго жасалган украин чабуулдарынан улам өзүнүн мунай иштетүү тармагын көзөмөлдөй албай калганын билдирди. Ал бул тууралуу Truth Social социалдык тармагында жазды.
«Орусия, тилекке каршы, Украина менен болгон согуштан улам дизель тармагын көзөмөлдөөнү жоготту. Алардын дизель майын чыгарган көптөгөн мунай иштетүүчү ишканалары талкаланып, жок дегенде убактылуу иштен чыкты. Украина менен болгон бул маанисиз жана чексиз согушту токтотуу керек. Дүйнө жүзү азап чегүүдө, ал эми ай сайын 25 миң адам, негизинен жоокерлер курман болуп жатышат. Кандай уят!» - деди Трамп.
Акыркы бир жыл ичинде Украина орус мунай заводдоруна жасалган соккуларды күчөттү. Чабуулдардан кийин заводдор жабдуулардын бузулушуна байланыштуу ишин токтотушууда. Бул өз кезегинде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күйүүчү май кризисинин толкунуна жана бензиндин жетишсиздигине алып келди. Муну менен катар эле, дүйнө жүзүндө да кризис байкалууда. Алсак, Ормуз кысыгынын жабылышы, мында Жакынкы Чыгыштагы жаңы согушка чейин мунай экспортунун бештен бир бөлүгү өтүп турган.
Сентябрь айынын ортосунда Дональд Трамп Владимир Зеленскийди дизель майын өндүрүү менен алектенген орус ишканаларына сокку урууну токтотууга чакырганын билдирген. «Дагы башка көптөгөн буталар бар. Дизелге тийүүнүн кереги жок. Бул бүтүндөй дүйнөгө зыян келтирет», - деген Трамп. «Axios» агенттигинин маалыматы боюнча, ал бул чакырыгын 20-сентябрда Зеленский менен болгон телефондук сүйлөшүүсүндө да кайталаган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

