Садыр Жапаров 2025-жылы Бакиевдин штабында иштегенби?
"Кабар" агенттиги мамлекет башчы менен болгон кезектеги маегинде журналист Лейла Саралаеванын Курманбек Бакиев тууралуу жарыялаган видеосуна токтолуп, кыска жооп алды.
«Мен ал журналистти тааныбайт экем. Ушунча жыл саясатта жүрүп, көңүл деле бурбаптырмын. Маек деле берген эмес экем. Бирок ошентсе да сурооңузга жооп берип коеюн. Мени 2005-жылы Бакиевдин штабында иштеген дегени карандай калп. Мен Куловдун штабында иштегем. Ушуну так билбегенден кийин сиздин бул журналист кесиптешиңиз «самопал» же бир жолу колдонулуп ыргытылган кол жоолук сыяктуу журналист экен. Куловдун штабында иштегенимди Атамбаев жакшы билет. Себеби Атамбаев Куловдун штаб башчысы болгон. Кулов менен Бакиев тил табышып, тандем болгондон кийин штаб жабылып, баарыбыз тарап кеткенбиз», - деди С. Жапаров.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.