Дзюдо федерациясынын президенти болуп Тимур Ибрагимов шайланды

Кыргыз Республикасынын Дзюдо федерациясынын чогулушунун жыйынтыгы боюнча Ибрагимов Тимур Сергеевич  федерациянын президенти болуп шайланды.

Анын талапкерлигин 108 делегат колдоду.

Жаңы президент өз сөзүндө жаңы кызматты эң оболу спортчулар жана өлкө алдындагы жоопкерчилик катары караарын белгиледи.

«Биздин милдет — кыргыз дзюдосу өнүгүп, эл аралык аренада жаңы жеңиштерге жетүү үчүн спортчу, машыктыруучу жана бүткүл командага эң жакшы шарттарды түзүү», - деди Тимур Ибрагимов.

Жакынкы милдеттердин бири — улуттук кураманы алдыда боло турган эл аралык мелдештерге даярдоону камсыз кылуу. 

Дзюдону аймактарда өнүктүрүүгө, спорт мектептерин колдоого жана улуттук кураманын резервин түзүүгө да көңүл бурулат. 

Бекитилген өнүктүрүү программасы мындан аркы иштин негизи болуп калат. Ошол эле учурда айрым багыттарды күчөтүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана конкреттүү спорттук милдеттерди ишке ашыруу үчүн өнөктөштөрдү тартуу пландалууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз