Элдар Жакыпбековдун камактагы мөөнөтү узартылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту УКМКнын Бишкек шаары боюнча мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбековдун камактагы мөөнөтүн 2026-жылдын 15-октябрына чейин узартты. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Мындай чечим 12-августта ведомстволор аралык тергөө тобунун жетекчиси — Аскер прокуратурасынын Тергөө башкармалыгынын башчысынын өтүнүчү боюнча чыгарылган.

Соттун чечимине ылайык, Жакыпбеков №21 тергөө абагында кармала берет.

Сот ушундай эле чечимди дагы 3 шектүүгө карата чыгарды. А.Т.А., Б.Б.И. жана Т.А.А.нын камактагы мөөнөтү 15-октябрга чейин узартылды.

Соттун маалыматында айыптоо беренелери жана кылмыш ишинин жагдайлары келтирилген эмес.

Элдар Жакыпбеков 2025-жылдын 3-декабрында УКМК Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалганы белгилүү болгон. Буга чейин ал УКМКнын Чүй облусу боюнча жетекчиси болчу.

13-февралда Жакыпбеков бкызматынан алынган, ал эми 14-февралда социалдык тармактарда спортчу, ишкер, УКМК кызматкерлери, майда чиновник, милиционер жана башка адамдардын сүрөттөрү камтылган видео тараган, роликтин авторлору аларды Жакыпбековдун «40 чоросу» деп аташкан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз