Зеленский кандай шартта Орусиянын мунай заводдоруна соккулар токтотуларын атады
Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев деэскалацияга даяр экенин, бирок Орусиянын мунайды кайра иштетүүчү заводдоруна сокку уруудан баш тартуу Орусиянын украиналык энергетикага жана маанилүү инфраструктурага болгон чабуулдарын токтотуу менен коштолушу керектигин билдирди, деп жазат "Баракелде" басылмасы.
«Мындан ары кол салууга кабылган өлкө гана жапа чеккен учур болбойт. Согуштун табияты азыркы учурда агрессор да жабыркай тургандай болуп калды. Технологиялар муну мүмкүн кылууда», - деп жазды ал X тармагында, АКШнын президенти Дональд Трамптын Орусиянын мунай тармагына сокку урууну токтотуу чакырыгына жооп берип жатып.
Зеленский Украина согуштук аракеттер башталгандан бери тынчтыкты көздөп келгенин жана согушту аяктоо, коопсуздук кепилдиктери боюнча ондогон дипломатиялык сунуштарды киргизгенин белгиледи. Анын айтымында, учурда Киев Вашингтон менен диалог жүргүзүүдө, ал эми деэскалация боюнча мүмкүн болгон кадамдар Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында өнөктөштөр менен талкууланат.
«Украинанын энергетика сектору, маанилүү инфраструктура жана биздин азык-түлүк экспорту Орусия үчүн бута болбошу керек. Бул биз тараптан чыңалууну азайтуу боюнча тийиштүү кадамдарга алып келет», - деп жазды Украина президенти.
Буга чейин Трамп украиналыктардан Орусиянын мунай ишканаларына чабуулдарын токтотууну бир нече жолу талап кылган. Анткени анын пикиринде, мындай соккулар дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө өбөлгө түзөт.
2026-жылдын башынан бери Украина Орусиянын мунай заводдоруна 70тен ашык чабуул жасап, ондогон ишканалар иштен чыккан. Август айында эле алты ири завод оңдоо иштерине байланыштуу жабылган. «EA Analytics» агенттигинин маалыматы боюнча, ишканалардын ишиндеги үзгүлтүктөрдөн улам Орусияда мунайды кайра иштетүү быйыл 2002-жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге түшүп, бул өлкө ичинде күйүүчү майдын тартыштыгына жана аны экспорттоого тыюу салууга алып келген.
Сентябрдын ортосунда Зеленский Орусиянын украиналык энергетикага, портторго, логистикага жана башка маанилүү объектилерге чабуулдарын токтотуу боюнча ишенимдүү кепилдиктер болсо, орус мунай тармагына сокку урууну токтотууга даяр экенин айткан. Ошондо ал Киев өнөктөштөрүнөн Орусия тарабынан мындай макулдашуунун аткарылышын камсыз кыла турган механизмди күтүп жатканын белгилеген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

