Кыргыз-индия биргелешкен “Канжар-XII” машыгуулары жыйынтыкталды

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин №52806 аскер бөлүгүнүн аймагында кыргыз-индия биргелешкен “Канжар-XII” машыгууларынын активдүү фазасы өттү. Бул тууралуу "АКИпресс" басылмасы жазды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, акыркы этапка Башкы штабдын башкармалыктарынын жетекчилери жана Индиянын Кыргызстандагы аскер атташеси, полковник Панкадж Шарма катышты.
 
Аскер кызматкерлери мыйзамсыз куралдуу түзүмдү жок кылуу боюнча операцияны иштеп чыгышты.
 
Машыгуулар 9-мартта башталып, тактикалык, тоо даярдыгы, аскер-медициналык жана ок атуу боюнча көнүгүүлөрдү камтыды. Ошондой эле имараттарды штурмалоо жана экстремалдык шарттарда жашап кетүү ыкмалары боюнча машыгуулар өткөрүлдү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз