Чек ара тосмолорунун айрымдары Тажикстандын аймагы аркылуу жеткирилүүдө
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын тилкесинде инженердик-техникалык жабдууларды орнотуу иштери аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.
Маалыматка караганда, иштерди жүргүзүүдө тажик тарап кыргызстандык чек арачыларга жардам көрсөткөн.
Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, тоолуу аймактын татаал рельефинен улам курулуш материалдарын Кыргызстандын аймагынан жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралган. Ошондуктан инженердик тосмолорду орнотуу үчүн керектелген кыргызстандык чек ара мамыларынын бир бөлүгү иш жүргүзүлүп жаткан жерге Тажикстандын аймагы аркылуу жеткирилген.
Ведомствонун маалыматына караганда, мындай жардам чек аранын жетүүгө кыйын тилкесиндеги иштерди өз убагында улантууга мүмкүнчүлүк берген.
Мындан тышкары, Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын чек ара ведомстволору ШКУнун алкагында 1-сентябрдан 15-октябрга чейин өтүп жаткан «Ынтымак — 2026» операциясына да катышууда.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

