Илимбек Акылбек уулу «The Ultimate Fighter» шоусунун жеңүүчүсү болду
Кыргызстандык спортчу Илимбек Акылбек уулу «TUF 34» («The Ultimate Fighter: Team Cormier vs. Team Bisping») реалити-шоусунун жеңүүчүсү болду.
Ал жеңил салмак категориясында (61 кг чейин) күч сынашты, анда жалпысынан 8 спортчу катталган.
Акылбек уулу эки жеңишке жетип, шоунун финалына чыккан. Ал жерде анын атаандашы азербайжандык спортчу Мехемедели Османли болду.
Беттеш 27-сентябрга караган түндө Лас-Вегастагы (Невада штаты, АКШ) «UFC Fight Night 289» турниринде өттү. Биринчи эле раундда Османли отуруп калган Акылбек уулунун башына тизеси менен сокку узатты. Уюмда мындай сокку тыюу салынган, ошондуктан калыс беттешти токтотуп, кыргызстандык спортчуга жеңишти ыйгарды.
Жыйынтыгында Илимбек Акылбек уулу «The Ultimate Fighter: Team Cormier vs. Team Bisping» сезонунун жеңүүчүсү болду.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

