Түркиядагы праймериздин дээрлик 15 миллион катышуучусу Стамбулдун камалган мэрин президенттикке талапкер катары көрсөтүштү
Түркиянын оппозициячыл Республикалык Элдик партиясы (РЭП) мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого талапкер көрсөтүү үчүн праймериз өткөрдү. Стамбулдун камакка алынган мэри Экрем Имамоглу 14,85 миллион добуш алды деп маалымдайт "CentralAsia" басылмасы Sözcü-га шилтеме берип.
Экрем Имамоглу бул праймеризде жалгыз талапкер болгон. РЭП мэрдин камалышы боюнча соттун чечими чыгарылган күнү добуш берүүнү уюштурду.
«Биздин партиянын 1,75 миллион мүчөсүнүн ичинен 1,67 миллиону шайлоого катышты. Бирок бул ички партиялык көрсөткүч. Андан тышкары, биз тилектештик үчүн добуш берүү урналарын да койдук... Тилектештик үчүн коюлган урналарда жалпысынан 13 миллион 211 миң добуш берилди», – деп билдирди РЭПтин төрагасы Өзгүр Өзел.
19-мартта Экрем Имамоглу терроризм жана коррупция боюнча айыпталып, кармалган. Бул окуядан кийин Түркияда массалык нааразылык акциялары башталды. РЭПтин маалыматына ылайык, 22-март күнү Стамбулда эле бир миллиондон ашуун адам көчөгө чыккан. Полиция демонстранттарды таратуу үчүн суу аткычтарды жана көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. 23-марттын кечинде күч кызматкерлери элге каршы резина ок атып баштаган.
Праймериз – бул саясий партиялар шайлоого талапкер тандоо үчүн жүргүзгөн процедура. Ал негизинен алдын ала шайлоо болуп эсептелет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.