Кыргызстан келечектеги пандемияларда вакциналарга жана дары-дармектерге тең мүмкүнчүлүк камсыз кылууну чакырды

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов БУУнун пандемиялардын алдын алуу, аларга даярдык көрүү жана жооп кайтаруу боюнча Жогорку деңгээлдеги жыйынында сөз сүйлөдү.

Жыйын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, министр биологиялык коркунучтарга каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле дүйнөлүк деңгээлде кабыл алынган милдеттенмелерден практикалык жана туруктуу чараларга өтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Дамир Осмонов Кыргызстандын глобалдык саламаттык сактоо системасын чыңдоодо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун негизги координациялык ролун колдой турганын билдирди.

Ал өлкөлөрдүн вакциналарга, диагностикалык каражаттарга жана дары-дармектерге адилеттүү жана өз убагында жетүүсү, ошондой эле технологияларды өткөрүп берүү жана улуттук өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Министрдин айтымында, өнүгүп келе жаткан жана деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн пандемияларга даярдыктын глобалдык системасын түзүүдө адилеттүүлүк жана теңчилик принциптери өзгөчө мааниге ээ.

Кыргызстандын тажрыйбасына токтолгон Осмонов өлкөдө адамдын, жаныбарлардын жана айлана-чөйрөнүн саламаттыгын бирдиктүү система катары кароону көздөгөн «Бирдиктүү ден соолук» ыкмасы эпидемиологиялык көзөмөл жана даярдык механизмдерине ырааттуу киргизилип жатканын айтты.

Ошондой эле министр алгачкы медициналык-санитардык жардамды трансформациялоо жана санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Анын ичинде Sanarip Clinic сыяктуу санариптик инструменттер эпидемиологиялык көзөмөлдү өркүндөтүү жана саламаттык сактоо системасында маалыматты ыкчам башкаруу үчүн колдонулуп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, аймактык лабораториялык тармактарды модернизациялоого, медицина кызматкерлерин даярдоого жана аларды коомдук саламаттык сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга даярдоого көңүл бурулду. Бул иштер эл аралык өнөктөштөрдүн жана Пандемияларга каршы күрөшүү фондунун колдоосу менен да жүргүзүлүүдө.

Сөзүнүн соңунда Дамир Осмонов оорулардын алдын алууга, эрте эскертүү системаларына, лабораториялык инфраструктурага жана улуттук саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун камсыздоого инвестиция салуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз