Медицинага арналган жарым кылым
Адам өмүрүндө ден соолуктан артык байлык жок. Ал эми адамдын ден соолугун сактоо жолунда өмүрүн арнаган дарыгердин эмгеги – өзгөчө урматка татыктуу. Саламаттыкты сактоо тармагында жарым кылымдан ашуун убакыттан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан жогорку категориядагы уролог дарыгери Жамшитбек Абдилов калктын саламаттыгын сактоо кесибин тандап гана тим болбостон, аны өмүрүнүн башкы вазийпасына айландырган адистердин бири. Анын элдин ден соолугуна кызмат кылган 50 жылдан ашуун эмгек жолу – бул бир адамдын кесиптик таржымалы гана эмес, медицина тармагына берилгендиктин, жоопкерчиликтин жана адамгерчиликтин өрнөктүү жолу.
Узак жылдар бою медицина тармагында иштеп, тажрыйбасын тынымсыз өркүндөтүп келе жаткан дарыгер бүгүнкү күндө өзү жетектеген медициналык клиникада бейтаптардын ден соолугуна кам көрүп келет. Анын иш тажрыйбасы, кесиптик билими жана бейтап менен иштөөдөгү жоопкерчиликтүү мамилеси клиниканын ишмердигинин маанилүү өзөгүн түзөт.
Дарыгер үчүн ар бир бейтап – өзүнчө тагдыр, өзүнчө жоопкерчилик. Андыктан медицинанын негизги милдети ооруну дарылоо менен гана чектелбестен, адамга үмүт, ишеним жана туура кеңеш берүү экенин Жамшитбек Абдиловдун көп жылдык эмгек жолу айгинелеп турат.
Бүгүнкү күндө ал жетектеген медициналык клиникада топтолгон тажрыйба менен заманбап медициналык мүмкүнчүлүктөрдү айкалыштырып, калктын саламаттыгына кызмат кылуу багытында иштер жүргүзүлүүдө.
“Ден соолукка кам көрүү — ооруну күтүп отурбастан, анын алдын алуудан башталат. Айрыкча эркектердин ден соолугунда урологиялык ооруларга өз убагында көңүл буруу маанилүү. Оорунун алгачкы белгилерин байкап, адиске кайрылуу көптөгөн көйгөйлөрдү эрте аныктоого жана тиешелүү медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк берет” - дейт дарыгер.
Өрнөктүү өмүр жол
Жамшитбек Абдилов 1951-жылы 13-апрелде Кара-Суу районундагы мурдагы Катта-Талдык совхозунун Кызыл-Ордо айылында жарык дүйнөгө келген. 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, 1975-жылы жогорку медициналык билим алып, дарыгерлик кесипке жол ачкан.
Өткөн жылы ал өзү билим алган медициналык окуу жайын аяктаганына туура 50 жыл толду. Бирок бул дата анын кесиптик жолунун гана мааракеси эмес, жарым кылымдан ашуун убакыт бою элдин саламаттыгы үчүн жасаган ак эмгегин таразалаган мезгил болду.
Эмгек жолунда ар кандай жооптуу кызматтарды аркалап, медицинанын уюштуруучулук жана практикалык багыттарында бай тажрыйба топтоду. Кара-Суу райондук ооруканасында башкы дарыгердин биринчи орун басары, кайрадан уюштурулган райондор аралык МСЭКтин төрагасы кызматын аткарды. Бул жылдар анын кесиптик билимин гана эмес, медициналык мекемени башкаруудагы тажрыйбасын да байытты.
Эки миңинчи жылдары курсташтарынын чакыруусу менен Москва шаарында өз кесиби боюнча эмгектенип, медицинанын башка чөйрөсүндөгү тажрыйбалар менен таанышты. Ал эми 2012-жылы өзүнүн көп жылдык билимин жана тажрыйбасын элдин саламаттыгына кызмат кылууга багыттап, Ош шаарында урология багытындагы «Андорс» аттуу жеке клиникасын негиздеди.
Биринчи байлык - ден соолук
Ден соолугуңузду кийинкиге калтырбаңыз. Ооруну алдын алуу жана өз убагында текшерилүү — ден соолукту сактоонун маанилүү шарттарынын бири. Дарыгердин ишмердигинин өзөгүндө ооруну дарылоо менен катар, анын алдын алуу, өз убагында текшерилүү жана ден соолукка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу түшүнүгү турат. Бүгүнкү күндө да тажрыйбалуу уролог дарыгери катары бейтаптарды кабыл алып, эркектердин ден соолугуна байланышкан көйгөйлөрдүн алдын алууга жана өз убагында адиске кайрылуунун маанилүүлүгүнө басым жасап келет.
Эгерде сизде урологиялык көйгөй жаралса, же ден соолукка байланыштуу суроолор пайда болсо тажрыйбалуу кесипкөй адиске кайрылып, кеңеш алуу — өзүңүзгө жасалган камкордук. Учурда Жамшитбек Абдилов Бишкек шаарында медициналык клиника негиздеп, калкка кызмат көрсөтүүдө. Дареги: Бишкек шаары, Курчатов - 71, Жал-23. Клиникада урологиялык багытта консультативдик жана дарылоо кызматтары көрсөтүлөт. Ак халатчан дарыгер ар бир бейтаптын көйгөйүнө жоопкерчилик менен мамиле жасап, ден соолукту чыңдоого жана сергек жашоого үндөп келатат.
Кеңеш алуу — ден соолукка жасалган маанилүү кадам
Эркектер арасында кеңири кездешкен урологиялык көйгөйлөрдү өз алдынча дарылоого аракет кылбастан, уролог дарыгерине кайрылып, керектүү текшерүүдөн өтүү маанилүү. Өз убагында жүргүзүлгөн консультация жана диагностика ооруну эрте аныктоого жардам берет.
Клиникада эркектердин урологиялык ден соолугуна байланышкан көйгөйлөрдү аныктоо, консультация берүү жана дарылоо багытында медициналык жардам көрсөтүлөт. Бейтаптын көйгөйүнө жекече мамиле жасалып, ооруну эрте аныктоого жана алдын алууга өзгөчө көңүл бурулат.
Албетте, ак халатчан дарыгер үчүн жарым кылым — бул жөн гана убакыт эмес. Бул миңдеген бейтаптар, ар бирине берилген кеңеш, ар бир адамдын ден соолугу үчүн көрүлгөн камкордук жана кесипке берилген өмүр. Жамшитбек Абдиловдун басып өткөн жолу — медицина тармагына кызмат кылууну өмүрлүк кесип кылган адистин өрнөктүү эмгек жолу.
ХХХ
Спартакиада
БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫ 1-ОРУНДУ БАГЫНДЫРДЫ
Спорт – ден соолуктун булагы гана эмес, ынтымакты бекемдеп, командалык духту арттырган чоң күч. Өзгөчө кесиптештер арасында өткөрүлгөн спорттук мелдештер эмгек жамааттарынын биримдигин чыңдап, сергек жашоого үндөйт. Мындай маанилүү иш-чаралардын бири 2026-жылдын 18–20-сентябрында кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлдү.
«Улан балдардын ден соолугун чыңдоо» борборунда Кыргызстандын кесиптик бирликтер федерациясынын Жаштар кеңеши тарабынан уюштурулган спартакиадага өлкөнүн ар кайсы тармактарындагы кесиптик бирлик уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Анда Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин атынан 12 команда спорттун 9 түрү боюнча күч сынашты.
Мелдештин жүрүшүндө билим берүү тармагынын кызматкерлери өздөрүнүн спорттук даярдыгын, шамдагайлыгын жана командалык биримдигин көрсөтүп, бир катар байгелүү орундарга ээ болушту. Таяк тартыш, кол күрөш, шахмат, стол тенниси, волейбол, футбол, аркан тартыш жана 100 метрге чуркоо боюнча ийгиликтүү чыгышып, жалпы командалык эсепте биринчи орунду багындырышты.
Бул жеңиштин артында тынымсыз машыгуу, аракет жана эң башкысы – бир максатты көздөгөн ынтымактуу команданын эмгеги турат. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин спорттун бир нече түрү боюнча жогорку көрсөткүчтөргө жетиши алардын кесиптик ишмердүүлүк менен катар сергек жашоо образын колдоп кубаттагандыгын айгинелейт.
Жеңиштердин арасында кол күрөш, волейбол, футбол жана аркан тартыш боюнча I орундар өзгөчө белгиленди. Ошондой эле 100 метрге чуркоодо аялдар арасында I, эркектер арасында III орун, шахматта аялдар арасында III, эркектер арасында II орун, стол теннисинде аялдар жана эркектер арасында II орундар камсыздалды. Таяк тартыш боюнча мелдеште 75 жашка чейинкилер арасында III, 75 жаштан жогоркулар арасында II орунду багындырышты.
Жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээлөө – билим берүү жана илим кызматкерлеринин бул мелдештеги ийгиликтүү катышуусунун жыйынтыгы болду. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин жетекчилиги жеңишке жетишкен катышуучуларды куттуктап, алардын жетишкендиги менен сыймыктанарын билдирди.
Белгилей кетсек, бул спартакиадага катышкан билим берүү тармагынын кызматкерлери буга чейин да Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан уюштурулган спартакиаданын жеңүүчүлөрү болушкан. Демек, Ысык-Көлдөгү ийгилик – буга чейинки аракеттин уландысы жана спорттук чеберчиликтин дагы бир далили.
ХХХ
“ШУМКАР БӨБӨК” - СПОРТКО КАРАЙ АЛГАЧКЫ КАДАМ
Спортко болгон кызыгуу бала кезден калыптанат. Кыймылдуу оюндарга, мелдештерге катышкан бөбөктөр шамдагайлыкка, ылдамдыкка жана өзүнө болгон ишенимге үйрөнөт. Ушундай максатта Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагындагы «Касиет Тыныбекова» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде бөбөктөр арасында беговел боюнча «Шумкар бөбөк» мелдеши уюштурулду.
Аталган мелдеш Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Каныбек Апбасовдун демилгеси менен бекитилген Жобонун негизинде өткөрүлүп, жаш жеткинчектердин спортко болгон кызыгуусун арттырууга багытталды. Бөбөктөрдүн шайдоот кыймылы, жарышка болгон кызыгуусу жана атаандаштыктагы аракеттери иш-чарага өзгөчө көрк берди.
Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө грамоталар жана медалдар тапшырылып, ал эми бардык катышуучулар «Активдүү катышкандыгы үчүн» медалдары менен сыйланышты. Бул чакан мелдеш бөбөктөр үчүн чоң кубаныч тартуулап, аларды спортко, сергек жашоого жана активдүү кыймылга үндөгөн маанилүү иш-чара болду.
А.МАТИЕВА.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.


