Эл аратисти Тамара Жаманбаева дүйнө салды
28-сентябрда оорудан улам Кыргызстандын эл артисти, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Тамара Кусеиновна Жаманбаева дүйнө салды. Ал 83 жашта болчу.
Каза болгондугу тууралуу маалыматты акыйкатчы институтунан тастыкташты. Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева анын кызы болот.
Тамара Жаманбаева 1943-жылдын 14-майында Нарында төрөлгөн. Ал кыргыз телекөрсөтүүсүнүн биринчи туруктуу диктору болгон жана 1975-жылга чейин «Акыркы кабарлар» программасын алып барган.
1959-жылдан 1994-жылга чейин Жаманбаева телекөрсөтүү дикторунан тартып Мамлекеттик телерадиокомитеттин программалар боюнча директоруна чейинки жолду басып өткөн. Андан кийин бир жылга жакын Кыргызстандын Мамлекеттик телерадиокомитетинин вице-президенти болуп иштеген.
Ачык булактардагы маалымат боюнча, 1959-жылы ал медициналык окуу жайын, ал эми 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. Телекөрсөтүүгө 16 жашында келип, ишин Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинин диктору болуп баштаган.
Жаманбаева СССРдин жана Кыргызстандын телекөрсөтүү жана радиосунун отличниги болгон, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин жана Кыргызстандын президентинин ардак грамоталары, «Даңк» медалы менен сыйланган. Ошондой эле Кыргызстандын Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.
Кийинки жылдары ал УТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү да болгон.
Коштошуу зыйнаты 30-сентябрда саат 10:00дө Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 167 дарегинде жайгашкан А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

