Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат
Кыргыз Республикасында жалпы жонунан мамлекет менен диний уюмдардын, коомчулуктун, жеке адамдын ортосундагы укуктук өз ара мамилелерди, атуулдардын дин тутуу эркиндигине укуктуулугун ачык, даана жана ийкемдүү жолго салган мыйзамдык база түзүлгөн.
Биз жакында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Адилбек уулу Фурхатбекке жолугуп, ага окурмандар кызыккан бир катар суроолор менен кайрылып, ага тиешелүү жооп алып кайтканбыз.
- Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын мыйзам негиздери эмнеге таянат?
- Кыргызстандын Конституциясына. Анткени, Башмыйзамга ылайык (Кыргызстан) — эгемен, көз карандысыз, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет. Анда “Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.” “Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган”. “Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат”. “Ар бир жарандын абийирине жана дин тутуу эркиндигине кепилдик берилет. Ар бир жаран, диндик жана башка ишенимдерди эркин тандоого жана тутууга укуктуу, жана эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес”. Кыргыз Республикасындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын, 2025-жылдын 21-январында кабыл алынган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасын мыйзамынын, КР Президентинин жарлыктарынын, КР Коргоо кеңешинин чечимдеринин, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун, ж.б. нормативдик актылардын негизинде жүргүзүлүүдө.
-2014-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңеши диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндөгү маселени карап чыгып, эгемендиктин биринчи жылдарында калыптанган диний чөйрөдөгү процесстерди жөнгө салуудан мамлекеттик органдардын обочолонуусу жаңылыштык деп баа берген болчу.
- Туура айтасыз, Коргоо кеңеши “Кыргызстандын мусулмандары үчүн салттуу болгон ханафий мазхабын туткандардан гана мечиттердин имамдарын, имам-хатибдерди, казыларды дайындоо жана Аалымдар кеңешинин мүчөлөрүн, муфтийди шайлоо” зарылдыгын баса белгилеген. Бул жааттагы негизги аткарылган жумуштардын бири -Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген “2014-2020-жылдар арасындагы Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы” эсептелет. Бул Концепцияда: Диний чөйрөдөгү мыйзамдарды жакшыртуу, дин тутуу жана ишеним эркиндигин камсыз кылуу; Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жакшыртуу жана мамлекеттик органдардын натыйжалуулугун жогорулатуу; Жергиликтүү деңгээлде кызматташуунун өркүндөтүүнүн жөнгө салуу; Диний чөйрөдөгү маалыматтык саясатты өнүктүрүү; Дин аралашпаган дин таануу билим берүү системасын жакшыртуу; Диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу; Диний радикализм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу; Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты баалоо жана өркүндөтүү сыяктуу приоритеттер белгиленген болчу.
-Кыргыз Республикасынын Президентинин 30.09.2021-жылдагы №412 Жарлыгында Мамлекеттин светтик жана укуктук негиздерин бекемдөө, мамлекеттик-конфессиялык мамилелердин субөекттеринин потенциалын чыңдоо жана кызматташтыгын кеңейтүү, диний жана дин таануучулук билим берүү системасын өркүндөтүү; диний чөйрөдөгү маалыматтык-агартуучулук саясат, Диний негиздеги чыр-чатактардын алдын алуу өңдүү диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын артыкчылыктуу багыттары белгиленген. Коюлган максаттарга жетүү үчүн кандай милдеттерди чечүү зарыл?
-Ал үчүн мамлекетти өнүктүрүүнүн светтик негиздерин бекемдөө, адамдын абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укугун камсыз кылуу, диний жана башка ынанымдарын сыйлоо; диний чөйрөдөгү мыйзамдарды өркүндөтүү; мамлекеттик органдардын, ЖӨБОнун, диний жана коомдук институттардын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу системасы аркылуу мамлекеттик-конфессиялык мамилелер субөекттеринин потенциалын жогорулатуу жана кызматташтыгын кеңейтүү; диний билим берүү системасына светтик сабактарды киргизүү, ал эми тиешелүү деңгээлдеги мамлекеттик билим берүү системасына дин таануу сабактарын киргизүү аркылуу диний жана дин таануучу билим берүү системасын өркүндөтүү; диний бирикмелердин толук иштөөсү үчүн шарттарды камсыз кылуу, мыйзамсыз диний иштерге жол бербөө; жалпыга маалымдоо каражаттарында (мындан ары – ЖМК) жана социалдык медиада маалыматтык-түшүндүрүү, агартуу иштерин жандандыруу.
- Биз билгенден, 1990-жылы Кыргызстанда расмий түрдө 39 мечит жана 29 христиандык диний обөектилер катталган, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында канча диний уюм жана окуу жай эсептик каттоодон өткөн?
-Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында 4007 диний уюм жана окуу жай эсептик каттоодон өткөн. Анын ичинде исламдык диний уюмдар-4489 (мечиттер-3780, диний кайрымдуулук уюмдар-203, ДОЖдор-212, фонддор-60); христиандык диний уюмдар-407 (Православ чиркөөсү — 48, Элүүнчүлөр (Пятидесятники) — 80, Баптистер — 60, Пресвитериандар — 49, Жетинчи күндүн адвентисттери— 25, Лютерандар — 20, Жахабанын Күбөлөрү — 41, Католиктер — 8, Харизматтар— 40, иудаисттик диний уюм-1, буддисттик диний уюм-1, бахаилик диний уюмдар-4.
-Жашырганда эмне, жаштардын радикалдашуусу байкалуда.Анын себептери эмнеде?
-Анын негизги себеби, жаштардын диний сабатсыздыгы, диний маселелер боюнча маалыматтулугунун начардыгы, диний маселелерди өз алдынча түшүнүүсү; айрым учурда радикалдык же экстремисттик көз карашты тутунган адамдардын тузагына түшүп калуусу. Интернеттин, жеке адамдардын таасири; мыйзамдарды, укук-милдеттерди начар билүүсү; жашоодогу максаттуулуктун жоктугу, турмуштан жолу болбой калуу; класстан кийин окубай коюу; социалдык-экономикалык көйгөйлөрдөн алыстоого умтулуу, эмгектен качууда же көйгөйдөн арылууда диний көз караштарга жамынуу, жашынуу, дин менен чүмбөттөнүү; идентифтүүлүктүн, интеграциянын жоктугу; диний жана руханий, моралдык-нравалык баалуулуктардын жоктугу; -адилеттүүлүктү издөө, романтикага азгырылуу, утопиялык кыялданууларга берилүү жана башка дагы ушул сыяктуу факторлор.
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Түштүк аймактык бөлүмү тарабынан диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, диний радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу, светтик түшүнүктү бекемдөө жана жайылтуу максатында кандай –иш-чаралар жүргүзүлүүө?
- Кыргызстанда соттордун чечими менен мамлекетибиздин аймагында 21 уюмдун, 8 интернет сайттын, 2 автордун адабияты жана 1 фильм экстремисттик жана террористтик деп таанылып, тыюу салынган. Бул олуттуу маселе. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Түштүк аймактык бөлүмү тарабынан 2025-жылы ЖМА-ЖӨАБ органдарынын, укук коргоо түзүмдөрүнүн, диний уюмдардын, билим берүү мекемелеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине, жергиликтүү калкка, ЖОЖдордун жана ДОЖдордун студенттерине, окуучу жаштарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, диний радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу, светтик түшүнүктү бекемдөө жана жайылтуу максатында пландуу түрдө жалпы 121 маалыматтык, түшүндүрүү-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.Ал эми 2026-жылдын 9 айында 98 түшүндүрүү иш-чарасы уюштурулду. КМДБ жана анын жергиликтүү түзүмдөрү тарабынан 10 миңден ашуун түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бул иштер кырдаалды алдын алууга жакшы таасир этип, өзүнүн оң натыйжаларын берип жатат.
Маектешкен: Төлөнбай Абдыразаков
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

