Түштүк Кореянын соту премьер-министрге жарыяланган импичментти четке какты
Түштүк Кореянын Конституциялык соту Улуттук жыйындын жүйөөлөрү менен макул болбой, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Хан Док Су боюнча импичментти четке какты.
«Рёнхап» агенттигинин маалыматына ылайык, Конституциялык соттун сегиз судьясынын ичинен бешөө импичментти четке кагууну колдосо, дагы экөө Улуттук жыйындын өтүнүчүн толугу менен четке кагууну колдогон.
Түштүк Корея президентинин администрациясы соттун бул чечими Улуттук жыйын тарабынан бийлик ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактыларын тастыктаганын билдирди. Ошондой эле алар Хан Док Сунун премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу кызматтарына кайтып келишин кубатташты.
3-декабрда Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёль өлкө аймагында аскердик абал жарыялаган, бирок ал кийинки күнү жокко чыгарылган. 14-декабрда Юн Сок Ёлгө импичмент жарыяланып, бир айдан кийин ал камакка алынган. Анын ордуна премьер-министр Хан Док Су президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бирок 27-декабрда Улуттук жыйын ага да импичмент жарыялап, негизги себеп катары өкмөттүн Юн Сок Ёлгө каршы иликтөө боюнча мыйзам долбоорлорун кароодон баш тартуусун атаган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.