Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүндө эмнелер айтылды?

 18-мартта Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп телефон аркылуу сүйлөштү.
 
Кремлдин басма сөз кызматы таркаткан маалыматка ылайык, лидерлер Украинадагы кырдаал боюнча кеңири жана ачык пикир алмашуусун улантышты. Владимир Путин Дональд Трамптын согуштук аракеттерди жана адам өлүмүн токтотууга багытталган аракеттерин кубаттады.
 
Орусиянын президенти тынчтык жолу менен маселени чечүү принцибине берилгендигин ырастап, америкалык өнөктөштөр менен биргеликте ар тараптуу, туруктуу жана узак мөөнөттүү чечимдерди иштеп чыгууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле бул процесс кризистин негизги себептерин жоюуну жана Орусиянын коопсуздук маселесиндеги мыйзамдуу кызыкчылыктарын эске алууну талап кыларын белгиледи.
 
АКШ президентинин 30 күндүк убактылуу ок атышууну киргизүү демилгесинин алкагында Орусия тарап бир катар маанилүү маселелерди белгиледи. Аларга ок атышууну көзөмөлдөө чаралары, Украинадагы мажбурлап мобилизациялоону токтотуу жана Украинанын Куралдуу Күчтөрүн курал менен камсыздоону токтотуу кирет. Ошондой эле Киев режими мурдагы келишимдерди бузуп келгендигин жана алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү татаал экенин белгиледи. Украиналык согушкерлердин Курск облусунда карапайым тургундарга каршы жасаган террордук чабуулдарына да көңүл бурулду.
 
Конфликттин курчушуна жол бербөө үчүн жана дипломатиялык жолдор менен аны жөнгө салуу үчүн, Украинанын чет элдик аскердик жардамы менен чалгындоо маалыматтарын алуусу толук токтотулушу керектиги айтылды.
 
Дональд Трамп Курск облусунда камалып калган украин аскерлеринин өмүрүн сактап калуу өтүнүчү менен кайрылды. Владимир Путин орус тарап гумандуулук принциптерин жетекчиликке алып, эгер алар багынып беришсе, алардын өмүрү жана эл аралык укуктун нормаларына ылайык татыктуу мамиле көрүлөрүн ырастады.
 
Трамп Орусия менен Украина тараптын энергетикалык объекттерге 30 күн бою чабуул жасабоосу тууралуу сунуш киргизди. Владимир Путин бул демилгени жактырып, орус армиясына тиешелүү буйрукту дароо берди.
 
Ошондой эле, Кара деңизде коопсуздукту камсыздоо боюнча белгилүү бир демилгени ишке ашыруу тууралуу Трамптын сунушу талкууланды. Бул маселе боюнча кошумча сүйлөшүүлөр жүргүзүү макулдашылды.
 
Владимир Путин 19-мартта Орусия менен Украина 175 туткунду бири-бири менен алмаштыра турганын маалымдады. Андан тышкары, Орусиядагы оор жаракат алган 23 украин аскерин гуманитардык жардам катары кайтарып берүү чечими кабыл алынганын билдирди.
 
Эки тарап тең АКШ президентинин сунуштарын эске алуу менен, Украина маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашты. Бул максатта Орусия жана АКШ эксперттик топторду түзөт.
 
Лидерлер Жакынкы Чыгыш жана Кызыл деңиз аймагындагы кырдаал сыяктуу башка эл аралык маселелерди да талкуулашты. Алар дүйнөлүк коопсуздук жана ядролук куралдардын жайылышын алдын алуу боюнча кызматташууну өркүндөтүүгө аракет кылышат. Бул аракеттер Орусия менен АКШнын жалпы мамилелеринин оңолушуна өбөлгө түзөт.
 
Орусия менен АКШнын өзгөчө глобалдык коопсуздуктагы жоопкерчилигин эске алуу менен, эки тарап мамилелерди жөнгө салууга кызыкдар экенин билдирди. Ошол эле учурда, экономика жана энергетика тармактарында узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча да ойлор айтылды.
 
Дональд Трамп Владимир Путиндин Орусия менен АКШда НХЛ жана КХЛ лигаларынын оюнчуларынын катышуусунда хоккей мелдештерин уюштуруу сунушун колдоду.
 
Президеттер жогорудагы бардык маселелер боюнча байланышты улантууну макулдашты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз