Арген Муратбек уулу Alash Pride уюмунун чемпиондугу үчүн беттеште утулуп калды

Кыргызстандык мушкер Арген Маратбек уулу (18-15) Казакстанда өткөн Alash Pride лигасынын чемпиондук титулу үчүн болгон беттеште жеңилип калды.

Кыргызстандык мушкер 30-сентябрда өткөн Alash Pride 132: Zhassiya vs. Maratbek uulu турниринин башкы беттешинде октагонго чыкты. Анын атаандашы — Казакстандын өкүлү, лиганын учурдагы чемпиону Бекзат Жассия (8-1) болду.

Беттеште лиганын эң жеңил салмак категориясындагы чемпиондук куру талашка коюлган. Кармаш 5 раундга, ар бири 5 мүнөттөн болууга тийиш эле.

Биринчи раунддун башында эле казакстандык мушкер так сокку узатып, Арген Маратбек уулун нокаутка учуратты. Беттеш 42-секундада токтотулду.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз