Азия оюндарындагы алгачкы алтын: Жоламан Шаршенбеков алтын утту

Жоламан Шаршенбеков Жапониядагы Азия оюндарынын жеңүүчүсү болду.

Ал бүгүн, 1-октябрда грек-рим күрөшү боюнча 60 кг салмак ченинде күч сынашты.

Кыргызстандык спортчу 1/8 финалдан баштап, Корея, Түркмөнстан жана Ирактын спортчуларын кмөөнөтүнөн мурда жеңип, финалга чыкты. Чечүүчү беттеште дүйнөлүк рейтингдин лидери өзбекстандык Алишер Ганиев менен кез келди.

Биринчи бөлүктөн кийин кыргызстандык спортчу 0:5 эсеби менен артта калып жаткан, бирок экинчи бөлүктө жеңишти жулуп алып, алтын медалга ээ болду.

Бул алтын медаль Кыргызстан үчүн быйылкы Азия оюндарындагы алгачкысы болду.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз