Акжол Махмудов Азия оюндарында коло утту

Акжол Махмудов Жапониядагы Азия оюндарында коло медаль тагынды.

Кыргызстандык спортчу бүгүн, 1-октябрда грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта мелдеште чыкты.

Биринчи кармашта ал Жапониянын спортчусу — учурдагы Олимпиада чемпиону Нао Кусака менен күч сынашып, биринчи бөлүктүн аягында туше менен жеңилип калды. Андан кийин жапониялык спортчу катары менен эки жолу жеңишке жетип финалга чыкты, ал эми Махмудов ошонун аркасы менен коло үчүн беттешке чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Жубатуучу беттештердин биринчи айлампасында кыргызстандык килем үстүндө казакстандык Демеу Жадраев менен кездешти. Махмудов 10:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Коло медаль үчүн болгон кармашта кыргызстандыктын атаандашы Кытайдын спортчусу болду. Махмудов аны 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, коло медалга ээ болду.

Бул медаль Нагоядагы оюндарда Кыргызстан үчүн онүнчү медаль болду.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз