Айсалкын Сейтакунова: «Мугалимдиктен баар таптым»

Сүрөттө Айсалкын Сейтакунова окуучулары менен.

Мен, Сейтакунова Айсалкын Байдылдаевна, мугалиммин. 1962-жылы, 10-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Коо-Чаты айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулгамын. 1979-жылы айылдын "Сагындык" орто мектебин аяктап, жогорку билимди азыркы ОшМУнун педфагынан алдым. Келечегим билим берүүгө байланган экен, азыр мен мугалимдиктен тапкан тоодой бактым тууралуу кыскача айтып бергим келип турат.

Келечек кесибим мектепте аныкталган

Бир күнү кичинекей окуучум колуна гүл алып, класска кирип келип, мага таазим эте гүлүн сунду. Бул – ыраазычылыктын гүлү эле, “а” тамгасын тааныткан мээнетиме, турмуштун даңгыр жолуна даярдаган алгачкы кадамына билимдин гүлүн сепкен эмгегиме сунулган гүл эле. Быйтыйган колдору менен гүлүн сунуп турганда жүрөгүм элжиреп, териме бартай сүйүнүп, териме эле эмес, бул ааламга батпай турдум. Мугалимди кубантуу, анын эмгегин баалоо – ушунчалык кичинекей, бирок чын көңүлдөн чыккан кооз, бир букет гүл болуп турду. Мен ошондо мугалим болгонума, ушул бала менин окуучум экенине бактылуу болуп турдум. Мен ошондо балдарга, алар аркылуу ааламга билим берген мугалим экениме, мугалим деген кесиптин ээси экениме сүйүнүп турдум.

Ооба, мен мугалиммин. Болгондо да, бал тил менен мектепке келген көк тал балдарга “а” тамгасын үйрөткөн мугалиммин. Азыр ойлосом мугалимдик кесипти мектепте эле тандаптырмын. Анткени бизди окуткан агай-эжекелер билим куржунубузга ушул “мугалим” деген атты кыттай коюптур. Алар бизге үлгү болчу, алар биз үчүн кол жеткис бийиктиктеги мугалим болчу. Көрсө, ошол агайларым, ошол эжекелерим менин келечек тадырыма чоң багыт берип, спутник болуптур. Ошолордой болсом экен деген көксөө мени 1979-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна, азыркы ОшМУнун педфагына, мугалимдик кесипке тапшырганга түрткү бериптир.

Студенттик жылдарым

Жаштыктын жалындаган, өмүрдүн жаркыраган жылдары – бул, студенттик убак тура. “Күүгүмү жок, аппак сулуу таңдардай, Күлкүгө бай, сүйүүгө бай, шаңга бай”,-деген ыр саптары таасын жазылыптыр. Биз дагы студенттик күндөрдүн “доорун” сүрдүк. Ыр, күүгө ширелген жылдарды окуу менен да өткөрдүк. Оо, андагы окуу. Азыркыга салыштыра албайм. Талап катуу болчу. Совет мезгилиндеги билим берүү системасы тартипке, тактыкка жана терең теориялык даярдыкка өзгөчө басым жасачу. Ар бир сабак жогорку жоопкерчилик менен өтүп, мугалимдер студенттерден билимди гана эмес, тарбияны, эмгекчилдикти да талап кылышчу. Биз ушундай “шнелден чыктык”. Ошентип мен 1983-жылы "Педагогика жана башталгыч билим берүү медотикасы" адистигине ээ болуп, педфакты ийгиликтүү аяктадым.

Институтту аяктаган жыл – менин жашоомо чоң бурулуш алып келди. Мурдагы күнкү эч нерседен капары жок секелек кез, окуучулук күндөр, кечээки жаштыктын жалындаган студенттик жылдары артта калды. Окууну бүтөөрүбүз менен педфакта чогуу окуган курсташым, жердешим Курманбек Каракозуев менен баш кошуп, турмуштун даңгыр жолуна түштүк. Ошентип экөөбүз тең эмгек жолубузду, ошол 1983-жылы Күйө-Таш айылындагы "Өзгөрүш" орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуу менен баштадык.

Талпынган балдарга талбаган эмгек

Билим берүүдөгү биринчи жылымда, болгондо да биринчи эле иш күнүмдө биринчи классты, башталгыч класстын мотурайган окуучуларын кабыл алдым. Алгачкы күндөрдөн тарта мугалимдик кесиптин жоопкерчилигин терең сезип, ар бир сабакка чоң даярдык менен кире баштадым. Балдардын таза дүйнөсүнө жол табуу, ишенимине ээ болуу мен үчүн эң башкы максат жана милдет болчу. Ар бир окуучунун мүнөзүн байкап, жөндөмүн ачууга аракет кылдым. «Баланы тарбиялоо – бул чоң жоопкерчилик» деп белгилеген Василий Сухомлинскийдин сөздөрү менин ишимде негизги багыт болуп берди. Ушул ойлор менен мугалимдик жолумдун пайдубалын бекем салдым.

Балдарды адептүүлүккө, чынчылдыкка, эли-жерин сүйүүгө жана өзүн-өзү башкарууга тарбиялоо — менин ишимдин өзөгү болду. Мээримдүүлүк менен боорукерликти айкалыштырып, ошол эле учурда талапты да катуу коё билүүгө аракет кылдым. «Мугалимдин эң башкы куралы – анын өзүнүн инсандыгы» деген Константин Ушинскийдин насааты да мен үчүн чоң сабак болгон. Ошондуктан өзүмдү дайыма өнүктүрүп, окуучуларга үлгү болууга умтулдум. Мугалим болуу — бул жөн гана кесип эмес, бул бүт өмүргө тең миссия экен.

Келечекте чыгаан, иш билги, уюштургуч, Кыргыз мамлекетине кызмат кылган татыктуу инсандарды тарбиялоо менин башкы максатым болду. Ар бир окуучумдун келечегине кайдыгер карабай, алардын ийгилигине өз салымымды кошууга аракет кылдым. Убакыт учуп, жылдар өткөн сайын мен окуткан балдардын ийгилигин, өсүп-өнгөнүн көрүү – мага чоң бакыт, кубаныч тартуулайт. Азыр алардын ар бир жетишкендиги – мен үчүн чоң сыйлык жана сыймык экенин аңдап турам.

Бүгүнкү күндө окуучуларым ар кыл тармакта ийгилик жаратып, иштеп келишет. Алардын арасында директорлор, ири ишкерлер, мугалимдер жана коомго пайда алып келген башка кесип ээлери бар. Ар бири өз ордун таап, өзү сүйгөн кесиптин ээси болушту. Кыргызстандын бардык аймактарында эмгектенип, элге кызмат кылып жатышат. Алардын ийгилигин көргөн сайын жүрөгүм толкуп, убагында мугалимдик кесипти тандаган экемин деп, сыймыктанып коем. Ушундай шакирттерди тарбиялап чыгаруу — менин өмүрүмдүн эң чоң жетишкендиги болуп калды.

Бир мектепте 35 жыл үзүрлүү эмгектенип, бул аралыкта 8 классты бүтүрүп, чоң турмушка узаттым. Узак жылдар бою талыкпаган эмгегим, окуучуларга болгон мээримим жана кесипкөйлүгүм бааланып, бир катар ардактуу наамдарга татыдым. Мугалимдик жол мага жөн эле кызмат эмес, чын дилден чыккан ыйык милдет болду. 2018-жылы ардактуу эс алууга чыксам да, мугалимдик кесипке болгон сүйүүм жүрөгүмдө сакталып калды.

Азыр мен өзүм бүтүргөн балдардан адамкерчиликти, таза жана ак ниет иштөөнү, кичи пейилдикти, адептүүлүктү издей берем. Анткени ушул касиеттер адамды көркүнө чыгарып, коомдо өз ордун табуусуна өбөлгө түзөт эмеспи. Мен өзүм да ушул сапаттарды карманууга аракет кылып келдим, айланамдагыларга үлгү болууну каалайм. Анткени адамдын чыныгы баалуулугу анын билиминде гана эмес, жүрүм-турумунда жана адамдык касиетинде деп билем.

Талбаган эмгектин татыктуу сыйлыгы

Билим берүүгө кошкон эмгек жолумда бир катар ардактуу сыйлыктарга жана наамдарга татыдым. Алардын катарында “Өзгөрүш” орто мектебинин “Мактоо баракчасы”, ушул мектептин кийин аты өзгөргөн А.Жаңыбаев атындагы орто мектебинин “Ардак грамотасы”, Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн “Ардак грамотасы”, Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы”, ошондой эле Ош облустук билим берүү башкармалыгынын “Ардак грамотасы” бар. Узак жылдык эмгегим бааланып, “Эл агартуунун мыктысы” төш белгиси менен сыйландым. Мындан тышкары, 2005-жылы райондук “Мыкты мугалим – 2005” кароо-сынагында 1-орунду ээлеп, “Ардак грамота” жана “Мактоо баракчасына” татыдым.

Жолдошум Курманбек экөөбүз билим берүүнүн жүгүн аркалаган өмүрүбүздө 4 уул, 2 кызды тарбиялап өстүрдүк. Аларга да татыктуу тарбия берип, адеп-ахлактуу, эмгекчил, билимге умтулган инсан болуп калыптанышына өзгөчө көңүл бурдук. Бүгүнкү күндө ар бири өз жолун таап, коомго пайдалуу кызмат өтөп келишет. Балдарыбыздын жетишкендиктери — биздин ата-эне катары көргөн эмгегибиздин үзүрү. Үй-бүлөбүздө ынтымак, сый-урмат ар дайым башкы орунда турат. Балдарыбыздан тараган неберелерибиз биздин жашообузга өзгөчө кубаныч тартуулап келишет.

Сүрөттө Айсалкын Сейтакунова жолдошу Курманбек Каракозуев менен.

Азыр эми байым экөөбүз пенсиядабыз. Ошол пенсияга чыккан күн өмүрүмдөгү өзгөчө, толгон толкундануу менен коштолгон учур болду. Көп жылдык эмгектен кийин эртең менен мектепке шашпай калуу мага башында башкача сезилди. Класстын шаңдуу үндөрү, окуучуларымдын күлкүсү, сабакка болгон жоопкерчилик — мунун баары бир заматта артта калгандай туюлду. Жүрөгүмдүн бир бурчунда сагыныч уялаганы менен, мен татыктуу эс алууга жеткенимди да терең түшүндүм.

Мугалимдик кесип жүрөгүмдө түбөлүк сакталган

Убакыт өткөн сайын жаңы жашоонун ыргагына көнүп калдым. Эми неберелериме көбүрөөк убакыт бөлүп, үй-бүлөмдүн куту болдум. Көп жылдар бою топтогон тажрыйбамды бөлүшүп, акыл-насаат айтып, айланадагыларга дагы деле пайда келтирип жатам деп ойлойм. Мугалимдик кесип жүрөгүмдө түбөлүк сакталгандыктан, ар бир балага мээрим төгүп, тарбия берүү адатым өзгөргөн жок.

Азыр биздин Күйө-Таш айымдарынын музыкалык “Шайыр апалар” тобунун төрайымымын. Ырдаганды бала күнүмөм жактырам. Бул топ аркылуу айыл айымдарын бириктирип, алардын чыгармачылык дараметин ачууга салым кошуп жатам десем болот. Элдик ырларды, каада-салттарды даңазалап, ар кандай маданий иш-чараларга активдүү катышабыз. “Шайыр апалар” тобу менен бирге сахнага чыгып, элге жакшы маанай тартуулоо да мен үчүн чоң сыймык болуп калды. Ошентип, коомдук жана маданий турмушка аралашып, активдүү жашоо образын улантып келем. Мен азыр да бактылуумун!

Айсалкын Сейтакунова, 
Эл агартуунун мыктысы, педогог.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз