Эрлан Шеров финалга чыкты
Кыргызстандык спортчу Эрлан Шеров Жапониядагы Азия оюндарында дзюдо боюнча мелдеште финалга чыкты.
Ал 90 кг чейинки салмак даражасында күч сынашып, үч жеңишин тең иппон менен аяктаган.
Кыргызстандык балбан 1/8 финалдык баскычта 25 секунддун ичинде Шри-Ланканын өкүлү Милан Марко Мичеал Анжалону жеңген. Чейрек финалда БАЭден келген Гажимурад Омаров менен кез келип, 1 мүнөт 35 секундда утту. Ал эми жарым финалда анын атаандашы өзбекстандык Нурбек Муртозоев болду. Шеров кошумча берилген «Golden Score» убактысында, 5 мүнөт 43 секундда кайрадан иппон менен жеңишти камсыздады.
Эми финалда кыргызстандык дзюдочу Жапониянын өкүлү Рику Окада менен кездешет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

