Бишкекте жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектилерди аныктоо иштерин улантууда. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын Коммунаров көчөсү, 93 дарегинде жайгашкан №159 бала бакчанын жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылганы аныкталды.
Маалыматка ылайык, бул объект 1993-жылы мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү учурунда "Уста" акционердик коомунун балансында турган. Бирок кийинчерээк жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп кеткен. Текшерүүнүн жүрүшүндө имараттын ээси Ю.Ш.А. мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, аны ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүп берди.
Учурда №159 бала бакча Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлдү.
2024-жылдын башынан бери Бишкек шаарында 6 мектепке чейинки билим берүү мекемеси мамлекеттин карамагына кайтарылды. Бул иш-чаралар балдар үчүн жетиштүү социалдык объектилерди камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп, кайтарылган бала бакчалар мындан ары Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүлөт.
УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объекттерди иликтөөнү улантып жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.