Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы кармалды

Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы П.Ж. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Тергөөдөгү маалымат боюнча, 2022-жылдын 29-июлунда ал Кара-Суу шаарындагы аянты 82,75 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер тилкесин жеке адамга мыйзамсыз саткан. Соода түйүнү үчүн каралган жер тилкеси аукционсуз, түз келишимдин негизинде сатылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.

ИИМ билдиргендей, П.Ж. муниципалдык кызматтарды жогорку билими тууралуу жасалма дипломдун негизинде ээлеп, айлык акыны мыйзамсыз алып келген. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке 5 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

П.Ж. 2026-жылдын 29-сентябрында кармалды. Тергөө амалдары уланууда.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз