Медицина боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаттары аныкталды

Физиология жана медицина боюнча Нобел сыйлыгын жарыкка сезгич иондук каналдарды изилдегени жана оптогенетика методун өнүктүргөнү үчүн Карл Дайссерот, Петер Хегеманн жана Георг Нагел алышты.

Нобел комитети билдиргендей, алардын эмгеги нерв клеткалары үчүн өзүнчө бир «жарык которгучун» түзүүгө мүмкүндүк берди. Анын жардамы менен окумуштуулар айрым нейрондорду жана бүтүндөй нерв чынжырларын күйгүзүп же өчүрө алышат.

Бул метод нейробиологияда кеңири колдонулуп, бүгүнкү күндө мээнин иштешин, жүрүм-турумду жана түрдүү оорулардын өнүгүү механизмдерин изилдөө үчүн дүйнө жүзүндөгү лабораторияларда пайдаланылууда.

Изилдөөлөр жарык булагын көздөй жылууга жөндөмдүү жашыл балырларды изилдөөдөн башталган. Хегеманн менен Нагел көк жарыктын таасири астында иондук каналды ачып, электрдик импульс пайда кылган белокту табышкан.

Кийинчерээк Дайссерот бул белок үчүн жооп берген генди колдонуп, тирүү чычкандардын мээсиндеги нерв клеткаларынын активдүүлүгүн жарыктын жардамы менен башкарууга мүмкүндүк берген механизмди түзгөн.

Карл Дайссерот АКШдагы Стэнфорд университетинде, Петер Хегеманн Берлиндеги Гумбольдт атындагы университетте, Георг Нагел Вюрцбург университетинде эмгектенет.

Бул жылы Нобел сыйлыгынын өлчөмү 12 млн швед кронасын (болжол менен $1,2 млн) түзөт.

Карл Дайссерот 1971-жылы туулган. Ал 1998-жылы PhD даражасын, 2000-жылы АКШдагы Стэнфорд университетинде медицина доктору (MD) даражасын алган. Учурда Говард Хьюз медициналык институтунун жана АКШдагы Стэнфорд университетинин профессору.

Петер Хегеманн 1954-жылы туулган. Ал 1984-жылы Германиянын Мартинсрид шаарында жайгашкан Биохимия институтунда PhD даражасын алган. Гумбольдт атындагы Берлин университетинин нейроилимдер боюнча улук профессору. 

Георг Нагел 1953-жылы туулган. Ал 1988-жылы Германиядагы Франкфурт университетинде PhD даражасын алган. Учурда Германиядагы Вюрцбург университетинин профессору. 

Медицина боюнча Нобел сыйлыгы салттуу түрдө Нобел жумалыгын ачат. Андан ары физика, химия, адабият, тынчтык жана экономика боюнча лауреаттар жарыяланат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз