"Бир доор кетти": Лионель Месси Аргентина курамасындагы акыркы оюнун өткөрдү
Лионел Месси Аргентинанын футбол боюнча курама командасы үчүн соңку оюнун өткөрдү.
Аргентиналыктар Буэнос-Айрестеги «Монументал» стадионунда Бениндин курама командасына каршы ойноп, 3:0 эсебинде жеңишке жетишти.
39 жаштагы Месси бул оюнда 1 гол киргизип жана эки голдук пас жаратты.
Бул оюн коргоочу Николас Отаменди үчүн да соңку оюн болду, ал дагы 1 гол киргизди.
Месси курама команда менен 208 оюн өткөрдү, 126 гол жана 70 голдук пас жаратты.
Аргентиналык оюнчунун Аргентина үчүн акыркы оюнунун футбол күйөрмандары жана журналисттер, "бүтүндөй бир доор кетти" деп сүрөттөшүүдө.
Лионель Месси дүйнөдөгү эң титулдуу футболчулардын сап башында. Ал өзү ойногон клубдары жана курамасы менен бирге 49 титул жеңген. Ошондой эле ал 8 "Алтын топтун", 6 "Алтын бут кийимдин" ээси.
Аргентина менен бирге 2 жолу Америка кубогун, 1 жолу дүйнө кубогун уткан. Месси бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1 миң 178 оюн өткөрүп, 932 гол киргизген. Анын 672си "Барселона", 32си "ПСЖ", 102си "Интер Майами", 126сын Аргентина үчүн киргизген. Мындан тышкары, "Барселона" менен Европанын Чемпиондор лигасын 4 ирет уткан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

