Астанада өтө турган грек-рим күрөшүнө Кыргызстандан кимдер катышары белгилүү болду
Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) Казакстанда өтө турган дүйнө чемпионатынын катышуучуларынын алдын ала тизмесин жарыялады.
Турнир 24-октябрдан 1-ноябрга чейин өтөт жана грек-рим күрөшү боюнча таймаштар менен башталат.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасына курамына 9 спортчу кирди, алардын арасында эки жолку дүйнө чемпиону (2022, 2023) Акжол Махмудов бар. Астанада ал 82 кг чейинки салмак категориясында күч сынашат.
Команданын курамына 20-октябрга чейин өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болот.
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы:
60 кг чейин - Курманбек Жапаров
63 кг чейин - Афтандил Таалайбек уулу
67 кг чейин - Раззак Бейшекеев
72 кг чейин - Амантур Исмаилов
77 кг чейин - Ырыскелди Максатбек уулу
82 кг чейин - Акжол Махмудов
87 кг чейин - Азат Салидинов
97 кг чейин - Үзүр Жусупбеков
130 кг чейин - Ильхам Тохтаев
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

