Ийгилик, жетишкендик жана көйгөйлөр
Бүгүнкү күндө коомчулук байкап жаткандай, Кыргыз Республикасынын Президентинин, КР Министрлер Кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт Мамлекеттик агенттигинин жетекчилигин аракеттери менен кийинки жылдарда республиканын бардык аймактарында ден соолуктун булагы болгон спорт тармагында көптөгөн өсүштөр, өзгөрүүлөр болуп жатат.
Биз жакында Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын начальниги Айбек Өскөнович Камаловго жолугуп, аны менен Ош облусунда спортту өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер жана айрым көйгөйлөр тууралуу маектешип кайтканбыз.
-Айбек Өскөнович, кийинки жылдарда мамлекетибиздин экономикасынын өнүгүшү менен спортту жандандыруу, өнүктүрүү жаатында көзгө көрүнөөрлүк жылыштар болуп жатат. Сөз башатын ушундан баштасак.
- Туура айтасыз, мамлекет башчысы тарабынан спортту өнүктүрүүгө жасалган мындай жылуу мамиле заманбап спорттук имараттардын курулушуна, спорттук мектептердин керектүү шаймандар менен камсыз болушуна, тамак-ашка, жол акысына жумшалчу каражаттардын жогорулашына, спорттук иш-чаралардын байма-бай өткөрүлүп турушуна өбөлгө түзүүдө. Ош облусунун аймагындагы спорттун 20 ашык түрү менен машыгуу жүргүзүп жаткан 10 спорт мектебинде эмгектенген 280ден ашуун машыктыруучуларыбыз мурда 20-30 миң сом алып жүрсө, азыр алардын маянасы 70-80 миң, айрым учурда 100 миң сомго чейин көтөрүлдү. Кийинки кездерде мамлекет тарабынан жаштарды спортко тартууга, машыктырууга, зарыл шарты бар спорттук имараттарды курууга, аларды заманбап шаймандар менен камсыздоого, машыктыруучулардын кесипкөйлүгүн көтөрүүгө олуттуу көңүл бурулуп жатат. Эгерде спорт залдары курулса же оңдолсо, жаңы спорттук шаймандар келсе, балдарыбыздын спортко болгон кызыгуусу ого бетер артат эмеспи. Бул жагдайдан алганда демөөрчүлөрүбүзгө да ыраазылык айта кетүүбүз зарыл. Араван районунда грек рим күрөшү боюнча аты дүйнөгө жеткен, сыймыктуу жердешибиз Акжол Махмудовдун көмөгү жана анын айылындагы машыктыруучулардын аракети менен келечекти үмүттөндүргөн жаш балбандар чыгып жатат. Бишкектеги, Жалал-Абаддагы жатак спорт мектептерге Аравандан барган балдар атайын өткөрүлгөн сынактардан,талаптардан ийгиликтүү өтүп, ал жерде билимин улантышууда. Учурдан пайдаланып, Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу дене тарбия жана спорт агенттиги тарабынан ири суммадагы акча каражаты өз убагында бөлүнүп, көргөн адам ыраазы болгудай деңгээлде жасалып-түзөлгөндүгүн да айта кетүү зарыл.
-Биздин байкообузда,Ош облусунда мурдагы жылдарга салыштырмалуу жаштардын спортко тартылуусу, алардын спорттук ийгиликтеринин көрсөткүчтөрү жылдан жылга өсүп жатат. Аны цифралар менен бышыктап өтсөңүз.
-Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы 2022-жылды Кыргызстандын чемпионаттарында, Азия, Дүйнөлүк жана Эл аралык деңгээлдеги мелдештерде 96 медаль менен жыйынтыктаса, 2023-жылы өзүбүзгө тиешелүү жумуштардын сапаттуу жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу 214 медалга өскөн. Бул көрсөткүч 2024-жылы 345ке, 2025-жылы 855ке көтөрүлгөн.
- Спорттун бир катар түрү боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын катарын толуктоо, резервин даярдап берүү багытында облуста бүгүнкү күндө кандай эмгектер жасалууда.
- Бул жагдайдан алганда бизде сыймыктана, мактана турган фактылар бар. Улуттук курамада дзюдо, улуттук күрөш түрлөрү, волейбол, футбол, самбо, олимпиадалык жана олимпиада эмес түрлөрү боюнча Ош облусунун салмактуу өкүлдөрү бар. Эркин күрөш, кыздардын күрөшү, грек рим күрөшү, кикбоксинг, бокс боюнча чоң ийгиликтерге жетишкен спортмендерибиз көп. Облустун уландар жана кыздардын волейбол боюнча түзүлгөн командалары республикага аты чыккан командалар. Мындай көрүнүш жаштарыбыздын спортко болгон кызыгуусун арттырып, Кыргызстандын атагын алыска чыгарган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Акжол Махмудов,Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү, эл аралык даражадагы спорт чебери Мунарбек Сейитбек уулу, дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү, эл аралык даражадагы спорт чебери Айбек уулу Кубанычбек сыяктуу агаларындай болууга үндөп келет.
- Мезгил машыктыруучуларга күчтүү талап коюп жатат. Бул багытта жасалган иш-аракеттер тууралуу сөз кыла кетсек...
-Туура айтасыз, азыркы заман жаңылыкка умтулууну, тынымсыз изденүүнү талап кылып жатат. Башкармалыкка караштуу 10 спорт мектепте эмгектенген машыктыруучулардын билим деңгээлин жогорулатуу, жаңы ыкмаларды өздөштүрүүсү үчүн кесипкөй адистер тарабынан тематикалык семинарлар уюштурулуп турат. Анын катышуучулары машыгуу жаатында дүйнөлүк практикада колдонулуп жаткан жаңы усулдар,ыкмалар менен тааныша алышты. Ошондой эле Казакстандан, Япониядан жана улутук курамадан жаңы методдорду колдогон белгилүү адистер чакыртылып, алар витаминазиция боюнча атайын тренигдерди өткөрүштү. Анын жүрүшүндө машыктыруучулар организмге ашыкча күч келген учурда аны тез калыбына келтирүүгө, физикалык жактан ишке жөндөмдүүлүгүн арттырууга жардам берген витаминдерди талапка ылайык колдонуу, анын эрежелерин туура сактоо боюнча абдан керектүү маалыматтарды алышты. Анын жыйынтыгында тренингдин катышуучуларына атайын сертификат берилди. Машыктыруучуларыбыздын басымдуу көпчүлүгү мындай окуулардан алынган пайдалуу кеңештерди практика жүзүндө колдонушуп, андан күткөн натыйжаларды алып жаткандыктарын айтып жатышат.
- Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы 2024-жылы Алымбек датканын 225 жылдыгына карата Ош облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы спорттун 11 түрү боюнча облустук деңгээлде мелдештерди өткөргөн болчу. Анын андан кийинки тагдыры кандай болду?
- Өткөн жылы Алайдын Калама жайлоосунда КР Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен өткөрүлгөн чоң мааракеде улуттук спорттун 7 түрү менен боюнча кызыктуу мелдеш уюштурулду. Андан кийин шаарда спорттун олимпиадалык жана олимпиада эмес10 түрү боюнча мелдештер уюштурулду. Өткөн жылы жалпысынан алганда “Алымбек Датка” спорттун 17 түрү боюнча мелдештер өткөрүүгө жетише алдык.
Быйыл 6-октябрдан 1-ноябрга чейин спорттун олимпиадалык улуттук жана олимпиадалык эмес 22 түрү боюнча эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөргөнү турабыз. Ал үчүн спорттун түрлөрү боюнча федерациялар менен биргеликте кызуу даярдык көрүп жатабыз. Уюштуруу жакшы, жогорку деңгээлде өтөт деген ишенимдебиз. Учурдан пайдаланып, мекеендештерибизди Datka Fest-2026 мелдештерин көрүп кетүүгө чакырабыз.
- Сөз аягында, көйгөйлөргө да кайрыла кетсек. Ачуу болсо да моюнга алышыбыз зарыл, Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн сыяктуу бир катар райондорундогу айылдарга спорт жетпей, элет жериндеги тубаса шамдагай, күчтүү балдардын потенциалы ачылбай жаткандыгы баарыбызга белгилүү. Аны чечүү үчүн башкармалык кандай аракеттерди жасап жатат?
-Эсиңизде бардыр, эгемендик алган алгачкы жылдарда спорт тармагы “этиң тургай, табагыңды таап ал” деген акыбалга кептелип, бизге таптакыр көңүл бурулбай калган болчу. Спорт залдарыбыз кароосуз калып, айрымдары бузулуп кеткен. Бир тобу шылуундардын колуна өтүп кеткен учурлар кездешкен. Жогоруда айтылгандай, кийинки жылдарда гана спорт мамлекет тарабынан колдоого алына баштады. Эми ушуга да кудайга шүгүр дейли. Сиз айткан көйгөй көп жылдардан бери топтолуп калган нерсе. Бул жагдай биздин да жүрөгүбүздү ачыштырып келет. 400 миң калкы бар Кара-Суу районунда болгону 40 гана машыктыруучу бар. Аны жалпы калктын санына бөлө келгенде 10 миң адамга бир гана машыктыруучу туура келип калат. Ошондуктан аталган районго кошумча спорт мектебин ачуу күндүн зарыл талабы. Мындан тышкары Ноокат, Өзгөн, Алай райондоруна көп функциялуу спорт мектептерин куруу керек. Райондордо борборлоштурулган спорт мектеби пайдаланууга берилсе, ага шаардык мэрия жана биздин агенттик тарабынан каржылоо ишке ашмак. Айрым аймактарда практикаланып жаткандай, мындай кош каржылоо спорт мектебинин ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзөт. Башкармалык мындай маселелерди чечүү үчүн тиешелүү жактарга өзүнүн аргументтүү сунушун жиберип жатат.
- Дагы бир өкүнүчтүү нерсе, Ош шаарында жана облусунда сууда сүзүү спортун өнүктүрүү тиешелүү жолго коюлган эмес. Ачыгын айтсак, балдарыбыздын көпчүлүгү сууда сүзгөндү билбейт. Ош шаарындагы “Булак” (мурдагы “Делфин”) спорт комплекси жана басейнинин баасы өтө кымбат. Ага бардык эле ата-энелердин мүмкүнчүлүгү жок. Ушул маселени чечүү үчүн сиздер тараптан кандай аракеттер бар?
- Чынын айтсак, бул абдан оор маселе. Сууда сүзүү спорту-олимпиадалык спорттун түрүнө кирет. Жогоруда белгиленгендей, башкармалык агенттикке Ош шаарында түзүлгөн мындай абалдан чыгуу тууралуу өзүнүн далилдүү аргументтүү сунуштарын айтып, расмий кайрылуусунда райондун борборлорунда курула турган көп функциялуу спорт мектептеринде сөзсүз бассейндерди кошуу зарыл экендигин билдирген. Эгер бул маселе оң жагына чечилип, сууда сүзүүчү бассейндер курулуп калса, балдарыбыз сууда сүзүүнүн ыкмасын, техникасын талапка ылайык өздөштүрүп, алардын ичинен таланттууларын, мыктыларын тандап алып, андан ары жетелеп чыгат элек.
- Жакшы тилек жарым ырыс” дегендей жакшы тилек кылып туралы. Аманчылык болсо, мамлекетибизде тынчылык болуп турса, жогоруда айтылган көйгөйлөр да чечилип калчу күн келип калаар.
Маектешкен: Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

